Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:07

Соода чек ара тааныбайт


Өзбекстан Кыргызстандагы былтыркы апрель окуясынан кийин чек арасын бир тараптуу жаап салган. (Сүрөттө кыргыз-өзбек чек ара тилкесинен бир көрүнүш )
Өзбекстан Кыргызстандагы былтыркы апрель окуясынан кийин чек арасын бир тараптуу жаап салган. (Сүрөттө кыргыз-өзбек чек ара тилкесинен бир көрүнүш )

Өзбекстан чек арасын бир тараптуу жаап коюшу чектеш аймакта карым-катыш, соода-сатык кыйындашына алып келди.

Өзбекстандын дыйкандары өстүргөн эрте бышчу жер-жемиштер чек арадан чыкпай, Кыргызстандын түштүгүндөгү базарларда баа да кымбат. Бирок буга карабай кээ бир соодагерлер качып-бозуп, жер-жемиш ташууну токтоткон жок.

Кимге пайда, кимге зыян?

Баткен базарларында өткөн жылдын ушу мезгилинде жер-жемиштерге болгон баа бир аз арзаныраак болсо, быйыл помидор 85 сом, бадыраң 25, кулпунай 80 сомдон сатылууда. Мурдагы жылдары 20-30 сомго арзаныраак эле. Буга бирден бир эле себеп - кошуна Өзбекстан чек арасын бир тараптуу жаап алганы. Айла жок өзбекстандык дыйкандар түндөсү, же чек арачылар менен сүйлөшүп, бир аз чай-чакасын берип, анан алып келгенде жашылча жемишке болгон баалар кымбаттап кетүүдө.

Баткендик Бактыгүл аттуу келин да мурдагы жылдарга салыштырмалуу кошуна өлкөнүн дыйкандары жеткирип турчу эрте жаздагы жер-жемиш, жашылчалар чек ара жабыктыгынан эле кымбат болуп жатканын айтат.

- Помидор, бадыраң жашылча жемиштер баары кымбат болуп жатат. Бизге дайыма эле Өзбекстандан алып чыгышчу. Азыр эмнеге кымбат экенин сурасак чек арадан өтүү кыйын болуп жатканын айтат. Качып, түнү чыгып жатабыз, ошондуктан кымбат дешет.

Азыркы күндө өзбекстандык дыйкандар өндүргөн жашылча жемиштер чек ара жабык болгондуктан уюшкан кылмыштуу топтордун кийлигишүүсү менен чек арадан чыгууда деген да сөздөр айтылууда.

Облус губернаторунун коопсуздук маселелери боюнча орун басары Саитжан Эратов кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү бул ишке аралашып жатканы тууралуу кептерди четке какты. Ал кыргыз чек арасы ачык болгондуктан жер-жемиштер кире берээрин, Өзбекстандын жабык деген чек арасынан кантип чыгып жатканы кыргыз тараптын иши эмес экенин айтат:

- Жер-жемиштерди алып чыгуу боюнча бизде расмий тоскоолдук жок. Бизге талаптагыдай мыйзам чегинде кирип жатат. Мен билгенден Өзбекстан өзү мүмкүнчүлүк бербей жатыптыр. Анан өзүлөрү уурданып алып чыгып жатат окшойт. Өзбекстандан чыгышы кыйын болуп жатат. Эми аны тосуп коюшса анча жер-жемишти кайда сатат өздөрү?

“Туңгуюктан” жол тапкандар да бар

Өзбекстан менен чек арада жайгашкан Кайтпас айылынын тургуну, 53 жаштагы Махмуд Улукбековдун тууган-туушкандары Өзбекстанда калган. Алар менен байланыш бир жылдан бери дээрлик жок. Барайын десе чек арадан өткөрүшпөйт. Бирок ар кандай жүктүн чек арадан ары бери өтүп жатканын көргөнү бар. Анын баамында, карапайым эл үчүн чек ара жабык, кимдир бирөөлөр сүйлөшүп, оор машинада жүк тартып чыкса да боло берет шекилдүү.

- Өткөн жылдын 7-апрелинен бери Өзбекстандын чек арасы биз үчүн жабык. Туугандардан кабар алып келейин десек киргизишпейт. Анан эле Өзбекстандын чек арачылары менен сүйлөшкөндөр жүктөрүн, жер семиркичтерин Кыргызстанга алып чыгып жатышат. Расмий түрдө уруксат жок. Бирок кандайдыр бир жолдорун таап, соодагерлер жашылча жемиштерди азыр алып чыгып жатат. Алар да бизге сатпаса, анан өзүлөрүнө өндүргөн жер- жемиштери көптүк кылат да.

Минтип чек аранын кошуналар тарабынан бир тараптуу жабылганына бир жылдан ашты. Ал эми Өзбекстандын Сох, Шахимардан анклавдары үчүн жол ачык. Мындай болушу Кыргызстандын атуулдарынын да нараазычылыктарын пайда кылууда.

Облус губернаторунун орун басары Саитжан Эратовдун айтымында, жакынкы күндөрү бул маселе чечилип калышы мүмкүн. Анткени Кыргыз тарап да Өзбекстандын атуулдары каттоочу “Газпром” чек ара бекетин жаап салгандан кийин кошуналар сүйлөшөлү деген сунуштарын айта баштаган.

- Өзбекстан бир тараптуу чек арасын жаап алганынын себебинен 3 күн мурда “Газпром” чек ара бекетин жаптык. Өзбекстандын өкүлдөрүнө чек ара эки элге бирдей болушу керек, эгер биздин атуулдар силерге өтпөйбү, силер да бизге өтпөгүлө, бирдей мамиле кылалы дедик. Менимче, ушул маселе 10 күн аралыгында чечилет.

Облус губернаторунун орун басары Саитжан Эратов эгер маселе оң жагына чечилбесе кыргыз тарап дагы бир чек ара бекетин жабаарын да кыйытты.

Өзбекстан Кыргызстандагы былтыркы апрель окуясынан кийин чек арасын бир тараптуу жаап коюп, ошондон бери ача элек.

XS
SM
MD
LG