Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:09

Чек арадагы кандаш элдерди кыйноо саясаты


Кыргыз-казак чегиндеги тизилген унаалар
Кыргыз-казак чегиндеги тизилген унаалар

Таластын Казакстанга чектеш аймактарынын калкы чек ара, бажы тосмосунан өтүүдө кыйынчылыктарга кабылууда.

Талас облусунун Кара-Буура, Манас райондорунун тургундарынын күнүмдүк тирлиги, киреше табуусу негизинен Казакстандын Жамбыл облусу менен тыгыз байланышкан. Бирок айрыча казак тараптан чек аранын бекемделиши эки боордош элдин соода-сатыгына, алака-катышына кедергисин тийгизүүдө.

Эки айрылышта калган өмүрлөр

Таластын батышында жайгашкан Кара-Буура, Манас райондорунун калкы өстүргөн жер-жемишин негизинен Казакстандын Жамбыл облусуна алып барып сатышат. Ал жактан кайра ун, суу май, күйүүчү май алып кайтышат. Бирок карапайым эки элдин карым-катнашына бажы бекеттери кескин чек койду. Коңшулардын чек арасына барганыбызда үймөлөктөшкөн топ адамдар, тизилген авто унаалар көзгө урунду.

Таласка конокко келе жаткан Казакстандын жараны Кеңеш Сулайманов өздөрү өтүп, бирок автоунаасы кармалып жатканына кейип жатты:

- Эмне дейбиз машине 1-2сааттан бери жок, күтүп отурабыз бул жерде. Өзүбүз Казакстанда жашайбыз, Кыргызстан тарапка өтүп баратабыз. Мына машинебиз алиге чейин жок, дайыма эле ушундай да.

Чоң-Капка өткөрүү бекетинин жетекчилиги менен жолугуп көрүү аракетибизден майнап чыккан жок. Кызматкерлер жетекчиликтен уруксаты жок маалымат бере албайбыз деп четке чыга беришти.

Казакстан боор тартып тосуп алабы?

Мен кепке тарткандардын көбү Казакстан тараптан кыргыз жакка өтүү кыйын экенин айтышты. Өз көзүм менен көрмөккө Казакстан тарапка өтүп көрүүнү чечтим. Катардагы жүргүнчүлөр менен кошулуп жөө бараттым. Кыргыз бекетинен өтүү жеңил болду, андан ары коңшу өлкөнүн Айша-Биби өткөрүү бекетинен миграциялык баракчаны толтуруп, сапарды уладым. Декларация деп аталган алакандай кагазды толтуруп жатканда кезек күтүп кыйналгандардын наалыган сөздөрү угулуп турду. Ошентип үч текшерүү дегенде араң тигил тарапка өттүм.

Өтөөрүм менен казакстанык таксисттер “Таразга кетесиндерби” деп жаалай тосуп алышты. Андан ары басканымда жеңил, жүк ташуучу жүздөн ашуун авто унаалардын катар-катар тизилип, кезек күтүп турганын көрдүм. Кимисине кайрылбайын, алтындай өмүрдүн бир бөлүгү ушундай акылга сыйбаган, бир чети кишини басынткан текшерүүлөр менен өтүп кетээрин кеп салышты.

Кайрадан Кыргызстан тарапка өтүп жатканымда азык-түлүк салган оор баштыгын көтөрүп бүкчүңдөгөн чоң энени, бир баласын жетелеп, бирин колуна көтөргөн жаш келинди жолуктурдук. Айтор, көздөрүнөн кыйынчылыктын учкуну урунган карапайым адамдар көзгө урунат.

Оор жүк көтөргөн Гүлбахрам Ражапованын жүгүн көтөрүшүп бараттым. Ал өткөрүү бектиндеги тоскоолдуктарды берилип айтып берип жатты:

- Арзанына карап май жана башка азыктарды алып келебиз. Бекеттен нары Жамбулга 40 мүнөттүк жол. Чек арадан өтүү кыргыздарга аябай кыйын. Азыр деле көрүп жатасыңар, жакында калемпир бышат, картөшкө бышат ошонда түнкү 3тө келсең, эртең менен 9да араң жетесиң. Ушул туура эмес да. Эки бекетти тең ачып берсин, качан келбе күтүп турасың...

Покровка-Бишкек каттамында жүргүнчүлөрдү ташыган Таалай мырза бул бекеттер адамды басынтуу, керек болсо кыйноо үчүн эле жаралгандай деп кейийт

- Бизге ачып берсе болот эле да, бул жерде 2-3 саатча туруп калабыз. Кыргызстандын чек арачылары коё берет каттам экен деп, казактар болсо аныңа дагы карабайт. Тигил жак ачык болсо минтип тыгын болбойт эле, ачып берсе ушуну президент Отунбаева.

Ошентип бажы, чек ара бекеттеринде үч сааттай туруп, эки жактан тең чууруп өтүп жаткан адамдардан наалыган, нааразы гана үндөрдү угуп жаттым. Бири да бул бекеттер керек болгон үчүн турат деп айтпады.

XS
SM
MD
LG