Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:01

Кыргызстан-Казакстан: ишеничке кирүү оңой эмес


Кыргыз-казак чек арасы Апрель ыңкылабынан кийин 1 жарым айга жабылган.
Кыргыз-казак чек арасы Апрель ыңкылабынан кийин 1 жарым айга жабылган.

“Азаттыктын” “Арай көз чарай” талкуусу кыргыз-казак мамилесине жана кошуна мамлекеттер менен кызматташуу маселесине арналды.

Талкууга мурдагы тышкы иштер министри, “Акыйкат” партиясынын лидери Аликбек Жекшенкулов, Кыргызстан тоо-кенчилер бирикмесинин төрагасы Орозбек Дүйшеев жана тышкы иштер министринин мурдагы орун басары Аскар Бешимов катышты.

“Азаттык”: 30-январда Кыргызстандын президенти Роза Отунбаева, андан кийин өкмөт башчы Алмазбек Атамбаев Казакстанда болуп келишти. Бул сапарларда жетишкен макулдашуулардан мурун жогорку даражалуу кыргыз жетекчилеринин Астанага катарлаш сапары Апрель ыңкылабынан кийин пайда болгон кыргыз-казак мамилесинин толук нормалдашуусунан кабар береби, Аликбек мырза?

Казакстандын өкмөт башчысы Карим Масимов жана Кыргызстандын премьер-министри Алмазбек Атамбаев, Астана, 4-февраль, 2011-жыл
Аликбек Жекшенкулов:
Менин оюмча, азырынча антип айтканга болбойт. Негизинен эки жакшы кадам жасалды. Анткени өзүңөр билесиңер, Апрель окуясынан кийин чек ара жабылып, бири-бири менен кайым айтышкандай болушпады беле. Ошондон кийин шайлоо өтүп, коалициялык өкмөт түзүлгөнгө чейин бизди кошуналар “бул абалдан кантип чыгаар экен” деп карап турган.

Кризистен чыккандан кийин Отунбаева болобу, Атамбаев болобу, же башка бирөө болобу, ар бир мамлекет, өзгөчө кошуна мамлекеттер бири-бири менен мамиле түзгөндө элге жараша мамиле кылат. Кудайга шүгүр, казак менен кыргыз эли кошуна катарында канча кылымдан бери чогуу жашап келаткан эл, тарыхыбызда ар кандай барактар болгон. Бирок ошого карабастан жакшы, ар дайым тууганча мамиле болгон.
Казакстандын ишкерлери убагында Кыргызстанга инвестиция көп салган, аны Максим Бакиев тартып алган.


Азыр да эки кадам жасалды, бирок кичинекей кадам. Менин билишимче Астанада эки премьер-министр кол койгон протокол ишке ашса февралдын ортосунан кийин Казакстандын премьер-министри Масимов бул жакка келет экен, эки мамлекеттин ортосунда комиссия болот экен, ошондон кийин жыйынтыкты көрөлү, азырынча айтуу эрте.

“Азаттык”: Мамилени нормалдаштыруу Кыргызстан үчүн пайдалуу экени талашсыз. Ошол эле мезгилде Казакстан үчүн бул эмне берет? Мүмкүн апрелге белгиленген президенттик шайлоо алдында Казакстан “тылын” бекемдеп жаткан жокпу?

Аскар Бешимов: Апрель окуясынын астында эле Бажы биримдиги түзүлбөдү беле, 1-январдан тарта жаңы бажы тарифтери кирди. Ошого карата апрелден кийин, андан өзгөчө казактар биздин ишкерлер үчүн жогорку талаптарды дагы эле коюп жатат. Бүгүн биздин ишкерлер, айрыкча айыл чарба продукциясы, Кытай товарларын айтпай эле коелу, Казакстандан өтүү дагы эле кыйын болуп атат.

Мындай сүйлөшүүлөр далай эле болгон, бирок ушундан ары жеңилдик болобу? Ошон үчүн бүгүнкү учурда же душман эмеспиз, же дос эмеспиз, орточо бири-бирибиз менен мамиле түзүүдө ишеничке ээ болгонго аракет кылуу деген ойдомун.

“Азаттык”: Казакстан быйылкы жылы 1 миллиард килловат саат электр энергиясын сатып алууга макул болуптур. Бул азбы же көппү, Орозбек мырза?

Орозбек Дүйшеев: Бул негизинен аз. Айтып коелу, мурун бир убактарда 2 миллиард киловатт саатка чейин алып турган. Анын баасы да жогору болчу. 2000-жылга чейин 3 жарым центтен алчу, кийин бир центке түшүп калган. Азыр баасын уга элекмин. Эгерде 3-4 центтен алса, бул түзүк эле болот. Анткени Казакстандын өзүнүн энергиясы 4 центтен кем эмес. Жамбулда өздүк баасы 6 жарым цент, анткени газдын кымбаттаганына байланыштуу ошондой болгон.



Тамырын жайган коррупция

“Азаттык”: Кол коюлган келишимде беш өткөрмө пункту жөнүндө сөз болуп жаткан экен. Бул Кыргызстанга кандай жеңилдиктерди берет?

Аскар Бешимов: Азыр айтып кеткендей эле, бул убакыта чейин ондогон протоколдор болгон. Ал аз келгенсип бизде түбөлүк достук боюнча эң чоң келишимибиз бар. Ошого карата бир гана Кыргызстан айыптуу деп айтуу кыйын. Себеби Казакстан көп учурда өз милдеттемелерин аткарган эмес.

Төрт жыл мурда инвестициялык фонд түзөбүз, 100 миллион доллар кылабыз деген. Ошол кагаз жүзүндө гана калды. Биздин арабызда чек арадан өтүү боюнча 14 пункт бар. Ошол 14 пункттун экөө гана бүгүн Акжол жана Жамбул тарапта иштейт. Калгандарынан жөн гана эл өткөрүлүп, ишкерлерди, жүктөрдү өткөрүүгө ушул убакытка чейин тыйуу салынып келатат. Ошону кеңейтебиз, беш пунктка чейин жеткиребиз деп протоколдо көтөрүп атат. Буйруса ошол ишке ашса жеңилдик болот. Кеп протоколдун санында эмес, ошолордун ишке ашырылышында.
Мурун бир президенттин үй-бүлөсүнүн мүчөсүнө барып сүйлөшүп алып, анан кийин чеччү. Азыр болсо 5-6 топ бар.

Аликбек Жекшенкулов: Угармандарга мен бир маалыматты тактап койсом: айтып аткан 100 миллион доллар эмне себептен берилбегенин мен жакшы билем. Буга биздеги коррупция күнөөлүү. Бакиевдин үй-бүлөсү ошол фондго колун сала турганы боюнча маалымат түшүп, ошон үчүн казактар бербей калган. Бул жолу да сөз болду. Алар бүгүнкү күндө премьер-министр келгенде Кыргызстандын өнүгүү фондун түзүп, ошого 100 миллион кошконго даярбыз деп айтышты.

“Азаттык”: Казакстан инвесторлору Талды-Булак Сол Жээкти алган. Акыркы мезгилде Жалал-Абаддагы Бозымчак алтын кенин алганы маалым болууда. Бирок Талды-Булакта иш жүрүп жатканы белгисиз. Казак инвесторлорунда бул кендерди иштетүүгө мүмкүнчүлүк барбы, Орозбек мырза?

Орозбек Дүйшеев:
Казакстандын тоо кен өнөр жайы өнүккөн, өскөн. Буларда Советтер Союзу убагында деле абдан чоң комбинаттар болгон. Азыр деле бар. Азыр да көп комбинаттар абдан жакшы иштеп атат. Иштин алдыга жылбай, жалпы эле тоо кен өнөр жайында, анын ичинде казактар менен байланыштын жаман жүрүп жатканына коррупция себеп. Айталы, 2007-жылы абдан жакшы келишим менен Талды-Булак Сол Жээги берилген. Казактар бизди колдоп, ошол кезде абдан оорчулук болуп турганда, 20 миллион доллар берип, биздин бюджетке түшүп, абдан жакшы иштер болгон.

“Азаттык”: Ошол кезде буудай кымбаттап, арзандатабыз деп иштер болгон эле.

Орозбек Дүйшеев: Ошонун бардыгы жакшы иштеп келаткан, анан бизде бардыгы коррупцияга кеткенде токтоп калды. 2008-2009-жылдары жакшы долбоорлорун түзүп бүтүрүштү, өкмөттүк көзөмөлдөн өттү. Бирок 2009-жылдан тарта, өзүңүздөр билесиздер, Максим Бакиев бийлик ала баштагандан кийин буларды кыса баштады. Ошондо булар токтотуп койду. Андан бери эки жыл өттү, эки жылдан бери ошол иштебей турат. Булар бир топ жакшы чет элдик шаймандарды алып келген. Былтыр сентябрь айында көрүп келдим, бир жарым жылда абдан көп иштер жасалган.

Бир кадам алга, эки кадам артка

“Азаттык”: Бозымчак боюнча сөздү улантсаңыз. Буларда ошол жердин экологиясын бузбай, жергиликтүү элге да, Кыргызстанга да пайдасын келтирип иштеткенге мүмкүнчүлүк барбы?



“Азаттык”: Сиздер инвестициянын келишине, кендердин иштетилишине кезинде үй-бүлөлүк башкаруу, коррупция аябай чоң жолтоо болгонун айтып жатасыздар. Алар жок, азыр парламенттик система орноп жатат. Бирок ошол эле мезгилде оппозиция “Мегакомду” бийлик басып алып жатат деп айтып жатат. Бизде азыр инвестициялык кырдаал оңолду десек болобу? Аскар мырза, азыр инвестиция үчүн кандай шарт түзүлдү?

Аскар Бешимов: Бүгүнкү учурда жалпы жарыя, жалпы убадалар болуп атат. Инвестициялардын келишине, ошонун ичинде ишенич туудура турган шарттарды койууда бизде эч кадам жасалбай жатат. Мурункудай эле баары калган, ошол эле коррупциялашкан схема калган, мурун маселелер кабинеттерде чечилсе, азыр деле ошентип чечилип келатат.
Бүгүнкү учурда же душман эмеспиз, же дос эмеспиз, орточо бири-бирибиз менен мамиле түзүүдө ишеничке ээ болгонго аракет кылуу деген ойдомун.


Бажы, салык инспекциялары, бардык мамлекеттик органдар мурункудай эле иштеп атат, эч өзгөрүүлөр жок. Ошондуктан инвестициянын келишине кандай ишенич туудурмак эле. Кандай гана мыйзамдар болбосун, укмуш мыйзамдарыбыз бар, бирок бирөө да 30 пайызга аткарылбай атпайбы. Бүгүнкү учурда чын дили менен иштеп, өзү да пайда таап, бизге да пайда алып келе турган инвестор келерине күмөн санайбыз.

“Азаттык”: Аликбек мырза, сиз саясатта аралашып, жакындан билип атасыз бардыгын. Бизде кырдаал, шарт өзгөрдүбү?

Аликбек Жекшенкулов: Тилекке каршы шарт таттаалдашты. Эмне себептен? Мурун бир президенттин үй-бүлөсүнүн мүчөсүнө барып сүйлөшүп алып, анан кийин чеччү. Азыр болсо 5-6 топ бар, партия дейбизби, кызыкчылыктардын топтору дейбизби, бири-бири менен карама-каршылыкка келет.

Ошол эле “Мегакомду” айтып атпайбызбы, бир топ ээлеп турду эле, азыр Каржы полициясын “Республика” партиясы көзөмөлдөйт экен, Бабановдун кишилери аларды айдап чыкты деп.

Аскар иниме толук кошулам, бүгүнкү күндө мыйзамдар 30 пайыз эмес, такыр иштебейт. Совет доорунда “мыйзам эмес, адам башкарат” дешчү. Ал кезде адамдар билимдүү, илимдүү, системага жоопкерчиликтүү болчу да, азыркы кезде эч ким жооп бербейт. Ошон үчүн, тилекке каршы, бүгүнкү күндө ири инвестор Казакстан болобу, Орусия болобу, Европа болобу, Америка, Кытай болобу, сүйлөшүп эле жүрөбүз да, достор көп, баары тең күмөн санап турат, “кандай болор экен, жазында дагы эмне болосуңар, азыр бири-бири менен талашып, коалиция эртең куурап калып, башка коалиция болсо эмне болобуз” дейт. Анткени ойлоп көрсөңөр, силердин кошунаңарда чаң-тополоң чыгып, бири-бирин сүрүшүп, кимисине барып сүйлөшөөрдү билбесеңер, силер деле ойлосуңар да “койгулачы буларды” деп.

Адистер муктаждыгы

“Азаттык”: Алмазбек Атамбаевдин Москвага сапары учурунда ЕврАЗЭШте 200 миллион доллар жөнүндө сөз болду эле. Бул маселе Казакстанда талкууланбагандай болуп калды. Орозбек мырза, бул маселе жөнүндө кабарыңыз барбы?

Орозбек Дүйшеев: Менин бул жөнүндө кабарым жок. Эмне үчүн алдыга жылбай жатканынын дагы бир чоң себеби – кадр тандоо деген баягыдан да жаман болуп калды. Биз министрлерди жакында изилдеп көрсөк, эч кандай өндүрүшчүлөр, адистер жок, бардыгы эле коммерциялык ишкерлер. Ишкерлерди билебиз да, алар акчадан акча чыгаргандар. Ал эми акчадан акча чыгарсак биз байыбайбыз.
100 миллион доллар эмне себептен берилбегенин мен жакшы билем. Буга биздеги коррупция күнөөлүү.


Биздин жер, кен, суу байлыгыбызды өндүрүш керек, адистер керек. Адистер болбогондон кийин алар кандай иштеп, кайсы жагынан ойлонушту билишпейт да. Ошондуктан тезирээк ушул маселени чечсе деп ойлойбуз.

Экинчиден, ушул күнгө чейин туруктуулук орной элек. Жакында эле билесиздер, айрыкча кийинки эки жылдын ичинде “Кумтөрдөн” абдан эле пайда түшүп, абдан жакшы иштеп атат. Ага карабастан 2-3 адам чыга калып баарын бузду эле эки ортодо акциябыздын баасынан 2 аптанын ичинде 400-600 миллион жоготуп койдук.

Эки күндөн бери “Андаш” кени боюнча дагы бирөөлөр чыкты. Муну айтсаң алар түшүнбөйт. Ошону эл, адистер түшүндүрүп айтыш керек. Муну өкмөт жагынан чечкиндүү караш керек. Бизде мамлекет барбы, жокпу дегендей суроо коюлуп атат. Анткени жер байлыктары мамлекеттики, жалпы элдин менчиги. Анан эмне үчүн жер-жердегилер өзүнчө башкара бериш керек?

Көйгөйлүү маселе көп

“Азаттык”: Макулдашылган маселе кыргыз-казак өкмөттөрүнүн ортосунда инвестицияны коргоо боюнча келишим экен. Мүмкүн ушул гарант болуп, иштердин жылышына шарт түзөөр?

Аликбек Жекшенкулов: Мен ойлойм, бул тескери ажырым салышы мүмкүн. Эмне себептен? БТА банкты билесиңер, андан башка Казакстандын ишкерлери убагында Кыргызстанга инвестиция көп салган, аны Максим Бакиев тартып алган. Ал эми биздин ишкерлер Алматыга канчаны салды? Кыйын болсо эки-үчөө табылаар. Ошон үчүн жүктүн баары бизге жүктөлөт. Ушуну түшүнүп коюш керек. Эгерде эртең БТА банкты кайра Самунук газына дейбизби, азыр Самунук газына ошолор доомат коюп атат, ошолорго биздин сот чечип берсин, ошол жактан 70 миллион доллар жоголгон, аны ким төлөп берет? Биз кайра баткака баткандан бата беребиз. Ошон үчүн муну кылдааттык менен бардык жагынан караш керек.

“Азаттык”: Мамлекет кепилдик бербеш керекпи?
Казак менен кыргыз эли кошуна катарында канча кылымдан бери чогуу жашап келаткан эл, тарыхыбызда ар кандай барактар болгон.


Аликбек Жекшенкулов: Мамлекет кепилдик берсе эле баткака ого бетер батабыз. Бул Аблязовдун банкы болчу, Лондондо туруп алып заказ берип, сотко берип койсо биздин мамлекетке түйшүктүн баары түшөт.

“Азаттык”: Курманбек Бакиевдин учурунда Кыргызстан Казакстан жана Тажикстан менен дурус мамиледе болчу. Казакстан менен мамиле кайсы бир деңгээлде калыптанып келатат. Тажикстан менен байланыш үзүлүп тургандай.

Аскар Бешимов: Сиз туура айтып атасыз, апрелден кийин көп иштер токтоп калды, токтоп калганы аз келгенсип Өзбекстан менен чек ара ушул күнгө чейин расмий түрдө жабык. Бирок жакында биз башка эл аралык уюмдардын көмөктөшү менен иликтөө өткөрдүк, чек ара жабык болгону менен эл мыйзамды бузуп өтүп атат, чек арачыларга тыйынын төлөп өтүп, соода болуп атат. Тажикстан менен мамиле боюнча, өзүңүздөр көрүп атасыңар, Тажикстан өзүндө деле жетиштүү болуп атат, аларда оппозиция, Тоолуу Бадахшан жактан чыгып аткандар, алар канча аскердик операция өткөрдү.

Бирок чек арадагы делимитация, демаркация маселеси өкмөт аралык Өзбекстан менен да, Тажикстан менен да токтоп турат. Бир дагы сүйлөшүүлөр жүргөн эмес. Андан сырткары Өзбекстан менен Казакстан Кыргызстанды айланып, өзүнүн көз карандысыз энергетика системасын түзүп атат. Бул эмнеге алып келет? Муну Орто Азиядагы тирешүү, душмандык кадамдарды көрүү катары эсептесе болот. Ушул учурда биз чечкиндүү кадам көрбөй атабыз.

“Азаттык”: Кандай кадамдар керек? Кыргызстан кошуналар менен кандай демилге көтөрүш керек?

Аликбек Жекшенкулов: Чечкиндүү кадам деп айтканга болбойт, дипломатияда эки жактуу болуш керек, аскерлер эле чечкиндүү болбосо. Ар бир мамлекет менен келишимдер бар, эки тараптуу, көп тараптуу мамиле бар, ошолор менен биздин дипломаттар активдүү иштеш керек. Бул жерде биздин дипломатия, тилекке каршы, статист катары эле болуп атат. Өйдө жактан тапшырма келсе ошону чечет, келбесе күтүп отурушат.

Бүгүнкү күндө эң орчундуусу бул – чек ара маселеси. Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда 1 миң 100 канча километр, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда 1 миң 200 километр, ушунун баары чечиле элек. Ошон үчүн азыр эң биринчи эки мамлекет менен Кыргызстан коопсуздук маселесин чечиш керек, андан кийин эки мамлекеттин интеграция маселеси, экономикалык, энергетика ж.б. маселелер көп.

“Азаттык”: Рахмат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG