Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

Кыргыз президенти Астанага барды


Нурсултан Назарбаев менен Роза Отунбаева соңку жолу Астанада ЕККУнун саммити учурунда жолугуп сүйлөшүшкөн, 2010-жылдын 1-декабры.
Нурсултан Назарбаев менен Роза Отунбаева соңку жолу Астанада ЕККУнун саммити учурунда жолугуп сүйлөшүшкөн, 2010-жылдын 1-декабры.

Президент Роза Отунбаева Астанада казак президенти Нурсултан Назарбаев менен социалдык-экономикалык маселелер тууралуу сүйлөшөт.

30-январда Казакстандын ордо калаасына барган кыргыз президенти бул иш сапарынын алкагында Астандагы кышкы Азия оюндарынын ачылыш салтанатына да катышат. Анын алдында президент бул мелдешке катышып жаткан кыргыз спортчулары менен жолугушту.

Кыргыз-казак алакасындагы тоскоолдуктар

Өткөн жылы Кыргызстанда болгон окуялар кошуна эки өлкө ортосундагы мамилелердин ыргагын басаңдатып жиберди. Казакстан Бажы Союзуна киргенден кийин Кыргызстан менен соода-экономикалык мамилесин илгерилетүүгө бир катар тоскоолдуктар пайда болду. Кыргызстанда парламенттик өлкө куруу жолунда жүрүп жаткан саясий процесстерге дагы Астананын көнүлү толбой келатат.

2010-жылы Казакстан ЕККУнун төрагасы катары Кыргызстандагы кыйчалыш кырдаалды жөнгө салуу боюнча дипломатиялык иш-аракеттерди жүргүздү. Кыргызстандын түштүгүндөгү тополоң окуялардан талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүүгө Казакстан 10 млн. доллар наркындагы курулуш материалдарын жиберди. Бирок өткөн жылдагы оор сыноолордун учурунда коңшусу жасаган мамилеге Кыргызстандын ичи ооруган дагы учурлар болду.

Кыргыз-казак чек арасы жабык турган учурда. 11-май, 2010-жыл

Апрель окуяларынан кийин Кыргызстан саясий жана экономикалык кыйынчылыктарды баштан өткөрүп жатканда Казакстан чек араны бир нече ай бою жабык кармап турду. Анын айынан Кыргызстандын экономикасы олуттуу зыян тартты. Чек араны ачууну талап кылган нааразылык жыйындары Бишкекте да, Астанада да өткөрүлдү.

Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн казак жетекчилери менен жүргүзгөн сүйлөшүүлөрү да көпкө чейин майнаптуу болгон жок. Акырында Кыргызстан коңшусунун талааларына иштеген суу сактагычтарын жаап койгондо Казакстан чек арасын ачууга аргасыз болду. Бирок чек ара ушул күндөрү дагы толук ачык деп айтуу кыйын, дагы эле болсо бир катар чектөөлөр сакталып турат. Ошол эле учурда Кыргызстандагы июнь айындагы чыр-чатактарды жөнгө салууда Казакстан ЕККУнун төрагасынын мандаты менен жүргүзгөн иштери оңчулуктуу болгон жок деп чоң жыйындарда сынга алынды.

Бишкектеги окуялар Астананы сестенттиби?

Казакстанда көп жылдар бою Кыргызстандын элчиси болуп иштеген профессор Тилектеш Ишемкулов Казакстандын өткөн жылы Кыргызстан кыйналып турганда чек арасын жабык кармап турганын өзүнүн үстөмдүк абалын каңкуулап сыр көрсөткөндөгүсү деп билет:

- Бу да болсо сыр көрсөткөндөгүсү да. Ээ кыргыздар, акырын болгула, бизге назар салгыла, бизсиз алдыга кете албайсыңар, жашай албайсыңар, биз улуу өлкөбүз, элибиз да, жерибиз да чоң деп бизге сыр көрсөткөндөгүсү. Экинчиден, буларда чочулоо сезими абдан чоң. Бизде эки сапар жетекчилерибизди кууп жиберип, бийликти өзгөртүп койдук. Мына ушунун жышаанасы тийип кетеби деп туруп, силерге мүмкүнчүлүк бербейбиз, силердин революциялык төңкөрүш аракет-адатыңарды бизге жайылтпайбыз деген белги бергени болуп эсептелет.

Кыргызстан апрель окуяларынан кийин парламенттик өлкөнү куруу максатын жар салган учурдан баштап эле Казакстан бул идеяны колдобой турганын ачык билдирип келатат. Ошол эле учурда Астана Кыргызстанга сыртын салып, байкоочу катары дагы четте туруп калган жок. Кыргызстандагы саясий процесстерди ар кандай формада таасир көрсөтүү аракетин жасап келатат.

Парламенттик шайлоонун алдында “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди, “Ата-Журт” партиясынын лидерлери Камчыбек Ташиев менен Акматбек Келдибековду кабыл алып, Кыргызстандын болочок тагдыры жөнүндө ой-пикир алышкан.

Саясат таануучу Табылды Акеровдун баамында, Кыргызстанда өткөн жылы экинчи президент бийликтен кулатылып, өлкөнүн парламенттик республика куруу жолуна түшкөнү Нурсултун Назарбаевдин жеке өзүнө байланыштуу саясый пландарын ишке ашырууга кайсы бир деңгээлде тоскоолдук болду деп эсептейт:

- Казакстанда буга чейин эле президент Нурсултан Назарбаевди түбөлүк президент кылып калтыруу чечими каралып аткан. Бирок бизде революция болуп кеткенден кийин, биздеги саясий процесстер булардын ишине карама-каршы келип калды да, бизге карата салкын мүнөздө болуп калышты.

Мигранттардын муң-зары

Канткен күндө да Кыргызстан Казакстандын оюндагысындай элпек болуп кетпесе дагы баары бир экономикалык кубаттуу коңшусу менен жылуу жумшак мамиледе болуп, тилин табууга аракет кылууда. Кыргызстандын экономикасында Казакстандын рыногун караган бизнес ишкана көп.

Казакстанда жүргөн миңдеген кыргызстандык мигранттардын курчуган маселелери толтура. Былтыр Казакстандан бир далай кыргыз мигранттары куулуп чыгып, Бишкекке ыйлап келишкен.

Астандагы кыргыз жараны Замирбек Базарбаев “Азаттыкка” кайрылып, бул жактагы кыйналган кыргыз мигранттары Роза Отунбаева алардын аянычтуу абалын жеңилдетүү жагын Назарбаев менен жолугушуу учурунда сүйлөшөт деп күтүп жатышканын билдирген эле.

Мындан сырткары Казакстан Өзбекстанга кошулуп, Кыргызстанда курулуп жаткан ГЭСтерди эл аралык экспертизадан өткөрүү маселесин жактап келатканын айта кетүү керек. Бул жагында дагы расмий Бишкектин Астана менен сүйлөшө турган сөзү көп.

Ысык-Көлдүн жээгиндеги Казакстанга караштуу төрт пансионаттын тагдыры дагы эки өлкөнүн алакасы салкындаганда утур-утур чыга калып жаткан маселе. Былтыр чек ара жабык турганда Убактылуу өкмөттүн мүчөсү катары Азимбек Бекназаров төрт пансионатты улутташтыруу жөнүндө сүйлөп чыккан. Астандагы сүйлөшүү учурунда пансионаттардын маселеси дагы кошо каралышы ыктымал.

Президент Роза Отунбаева Казакстанга иш сапарынын алдында "Казинформ" агенттигине берген маегинде Казакстан Кыргызстандын тышкы саясатында артыкчылык берилген өлкө экенин белгилеп, Казакстан Бажы союзуна киргенден кийин эки өлкөнүн соода-экономикалык байланыштарында чечүүнү талап кылган көп маанилүү иштер чыкканын билдирген.

2010-жылы Кыргызстанда болгон окуялар эки өлкөнүн ортосундагы союздаштык мамилелерди бир топ басаңдатып жиберди. Ошондуктан расмий Бишкек президенттер ортосунда жана өкмөттүк деңгээлде байланышты активдештирүүнүн аракет көрүүдө. Ушул жылдын биринчи чейрегинде Бишкекте өкмөт аралык кеңештин экинчи жыйынын өткөрүп, эки өлкөнүн ортосундагы топтолуп калган көптөгөн маселелерди чечүү пландаштырылууда. Казакстан Бажы союзуна мүчө болгон менен Кыргызстанга башкалардан айырмалап өзүнчө мамиле кылат деп расмий Бишкек үмүт кылууда.

Казак президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси менен Кыргызстанга жардам көрсөтүү боюнча донорлордун конференциясын өткөрүү дагы ушул жылга пландалып жаткан иш чара.

Роза Отунбаева Астанадагы иш сапарынын жүрүшүндө ушул маселелердин айланасында казак президенти менен акылдашып, айрым бир макулдашууларга жетишүүгө аракет кылмакчы.

XS
SM
MD
LG