Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:43

Казак-кыргыз чек арасы ачылды


Кыргыз-казак чегиндеги "Ак жол" чек ара бекети. (11-майда тартылган сүрөт.)
Кыргыз-казак чегиндеги "Ак жол" чек ара бекети. (11-майда тартылган сүрөт.)

Казакстан бүгүндөн (20-майдан) тарта Кыргызстан менен чектешкен аймактарындагы өткөрүү бекеттерин ачты. “Ак жол”, “Чалдыбар” жана “Чоң-Капка” бекеттери бүгүн эртең мененки саат 9 жарымдан тарта ачылганын Кыргызстандын чек ара кызматынан тастыкташты. Кабарчыбыздын Кордойдун жанындагы "Ак Жол" чек ара бекетинен баяндашынча, чек ара бекеттери азыр кадимкидей тартипте иштеп жатат.

Мунун алдында, кечээ (19-майда) кечинде Казакстандын тышкы иштер министрлиги казак-кыргыз чек арасы ачылаарын билдирген.

“Кыргыз Республикасындагы кырдаал толук нормалдашкандан жана турукташкандан азырынча алыс. Казакстан Республикасынын аймагына ок атуучу куралды, баңгизаттарды жана башка тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз ташуу фактылары бар. Бирок Кыргызстандагы оор социалдык-экономикалык абалды, бизге дос өлкөнүн жарандарынын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен Казакстан Республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев өкмөткө 20-майдан тарта казак-кыргыз мамлекеттик чек арасында убактысынча киргизилген чектөөлөрдү жоюуга көрсөтмө берди”, - деп белгиленген бул билдирүүдө.

Казакстан тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, бейшембиден тарта чек арадагы Кордой (Кордай), Супатай-Баатыр, Айша-Бүбү (Айша–Биби) көзөмөл бекеттери жеке адамдарды өткөрүүдөн тышкары жүк ташыган унааларды, азык-түлүк, дары-дармек, күйүү-майлоочу материалдарды, айыл чарба өнүмүнүн ташылып өтүшүн камсыздайт.

Муну менен катар, билдирүүдө белгиленгендей, өз убагында болжолдуу ар кандай коркунучтардын алдын алуу үчүн чек ара, бажы жана миграциялык көзөмөл күчөтүлөт.

Кыргызстандын убактылуу өкмөтү соңку апталарда Астананы кыргыз-казак чек ара бекеттерин кыргыз атуулдары үчүн да ачууга чакырып келген. Азырынча Астананын бул соңку маалыматы боюнча расмий Бишкектин мамилесин тактоого мүмкүн болгон жок.

Кыргызстанда да, Казакстандын ордо шаарында да расмий Астананы тез арада кыргыз-казак чек арасын ачууга чакырган бир нече нааразылык чаралары өткөн. Казакстан ушул тапта ЕККУнун төрагалык милдетин да аткарып келет.

Казакстан Кыргызстандагы 6-7-апрелдеги окуялардан кийин чек арасын убактылуу жапкан эле.

Эми ушул тапта кыргыз-өзбек чек арасы гана 7-апрелден бери жабык бойдон кала берүүдө.

Казак-кыргыз чек арасы ачылды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:17 0:00

XS
SM
MD
LG