Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:11

Казакстан: Чек ара көйгөйүн коңшубуз сездиби?


Казак-кыргыз чек арасында. 2010-жылдын 11-майы.
Казак-кыргыз чек арасында. 2010-жылдын 11-майы.

Бир айдан ашуун убакыттан бери Казакстан менен Кыргызстандын чек арасы ачылбай турат. Мындай ахыбалга эки өлкөнүн атуулдары тең нааразы болушууда. Казакстан тышкы иштер министрлиги чек аранын үч бекети 20-майдан тартып ачылаарын шаршембиде кечкурун маалымдады.


Азамат Калмуратов 27 жашта. Ал кесиби боюнча айдоочу.

Бир нече жылдан бери Алмата-Бишкек катамында кичи автобус айдап эмгектенип келген жаш айдоочу учурда жумушсуз. Анын себеби чек аранын жабыктыгында. Бир айдан ашуун убакыттан бери батыш автобекетинде Казакстан багытында эмгектеген айдоочулар же маянадан же жумуштан жок үй-бүлөөлөк кирешеден куру калып отурушат.

Мындай жагдайдан жапа чекен адамдардын саны көп экендигене Азамат токтолуп өттү.

- Чек-ара жабылгандан бери кыйынчылыктар пайда болууду. Бир гана бизге айдоочуларга эмес жөнөкөй адамдарга да таасири чоң. Бул жактан Алматага, же Бишкеке ар кайсы товарларды ташып оокат кылгын адамдардын саны аз эмес болчу. Азыр болсо алардын баары эмне кылаарын билбей бош жүрүшөт, - дейт айдоочу Калмуратов.

Кыргыз-казак чек арасы жабык болгондуктан Түштүк Казакстанда азык-түлүккө жана жашылча, жер-жемиштерге наркы көтөрүлүп кеткендигин “Казакстан-Жаңылыктары” маалымат агентиги жазып чыкты.

Облустук өнөр-жай жана ишкерлик башкармалыгынын жетекчисинин орун-басары Роза Назарбекованын маалымдашынча, бул аймакта жер-жемиш 30%, жашылча жемиш 16%, ал эми сүт азыктары төрт пайызга кымбаттаган.

Чек-аранын жабылышынан карапайым калк жабырланууда деген пикирди карманган Казакстандын “Абырой” жаштар кыймылы 18-майда Астанада нааразылык иретинде флеш-моб акциясын өткөрүштү.

- Биз бул акцияны "казак-кыргыз бир тууган" деген принципке негизденип туруп өткөрдүк. Ар бир министрге (бирок, баарына тапшыра алган жокпуз) бирден алма сундук. Анын негизги маңызы алманын азыркы жана мурунку баасын айрымалап көргөзүү. Биз алманы мисал иретинде гана көрсөттүк. Ошондой эле ар бир министрге өзүбүз жазган катты тапшырдык. Алар бир чечим чыгарат деген ойдобуз. Чек арынын жабылгандыгынан соода-сатык токтоп. Бул жакта эмгектеген кыргыз атуулдары бажыканадан өто албай турушат, - деди “Абырой” жаштар кыймылынын башчысы Азамат Жетписбаев.

Бул аралыкта Казакстандын расмий өкүлдөрү чек ара Кыргызстандагы кырдаал турукташканда гана ачыларын билдирип өтүштү.

Акыркы бир айдан ашуун убакытта чек ара жабык болгондуктан, Казакстан, Өзбекстан өлкөлөрү аркылуу Кыргызстандын товар жүгүртүүсү 55% төмөндөп кеткен.

Бул азык-түлүк тармагынан тышкары Астана, Алмата шаарларында эмгектеген мекендештердин саны көп. Учурда алар коңшу өлкөгө жете албагандыктан өз иштеринен калып, алды жумушунан айрылууда.

Жаш ишкер Чынгыз Макешов Казакстанга ар кандай жол менен кысым көрсөтүү зарыл деген ойдо.

Ал бул маселени чечүүдө БУУ, ЕККУ сыяктуу уюмдарга кайрылуу керек деген оюн айтты.

Ал эми Кыргызстандын ишкерлер биримдигинин башчысы "чек аранын жабылышы майда ишкерлерге таасир этип, баанын кымбатташына да шарт түзүүдө" деген пикирде.

- Биринчи кезекте Казакстан менен иштешкен ишкерлердин соодасы токтоп калды. Бизге жеткен маалыматтар боюнча Алматы, Тараз шаарларында азык-түлүк, жер-жемиштер кымбаттап кетиптир.

Бул эмнеден кабар берет? Кыргызстан Казакстанды арзан азык-түлүк, кийим-кече менен камсыз кылган өлкө катары кызмат кылып келгенин бүгүнкү фактылар тастыктап турат,
- деди Чыныбай Турсунбеков.


Буга чейин Кыргызстан тарап гана чек араны ачууну талап кылып келишкен болсо, азыркы маалда Казакстандын жараандары да ушундай билдирүүлөр менен чыгышууда.

Анын себеби баанын көтөрүлүшү жана эки жакта тең ишкерлердин чыгымга учурап жаткандыгына байланыштуу экендиги белгиленүүдө.

Тасма. “7-апрель” элчиликтин алдында пикет өткөрдү

“7-апрель” элчиликтин алдында пикет өткөрдү
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:52 0:00




Шаршембиде “7-апрель” кыймылынын өкүлдөрү Бишкектеги Казакстан элчилигинин жанында пикет өткөрүп, ЕККУнун учурдагы төрагалыгын аркалап жаткан расмий Астана өзүнүн Кыргызстан менен чек арасын 7-апрелден бери бир тараптуу жаап салып, Кыргызстанга кошумча экономикалык кыйынчылык жаратып жатканына нааразылык билдиришти. (19-май, 2010-жыл). MiT.


Бейшембиде (20-майда) негизги казак чек ара бекеттери ачылмакчы

Бул тууралуу Казакстандын тышкы иштер министрлиги 19-май күнү кечинде тараткан билдирүүдө айтылат.

Анда “Кыргыз республикасындагы кырдаал толук нормалдашкандан жана турукташкандан азырынча алыс. Казакстан республикасынын аймагына ок атуучу куралды, баңгизаттарды жана башка тыюу салынган буюмдарды мыйзамсыз ташуу фактылары бар. Бирок Кыргызстандагы оор социалдык–экономикалык абалды, бизге дос өлкөнүн жарандарынын көптөгөн кайрылууларын эске алуу менен Казакстан республикасынын президенти Нурсултан Назарбаев өкмөткө 20-майдан тарта казак-кыргыз мамлекеттик чек арасында убактысынча киргизилген чектөөлөрдү жоюуга көрсөтмө берди”, - деп белгиленген.

Казак тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча бейшембиден тарта чек арадагы Кордой (Кордай), Супатай–Баатыр, Айша-Бүбү (Айша–Биби) көзөмөл бекеттери жеке адамдарды өткөрүүдөн тышкары жүк ташыган унааларды, азык–түлүк, дары–дармек, күйүү-майлоочу материалдарды, айыл чарба өнүмүнүн ташылып өтүшүн камсыздайт.

Муну менен катар, билдирүүдө белгиленгендей, өз убагында болжолдуу ар кандай коркунучтардын алдын алуу үчүн чек ара, бажы жана миграциялык көзөмөл күчөтүлөт.

Казак тышкы иштер министрлигинин маалыматында айтылгандай, казак–кыргыз чек арасында убактылуу чектөө 6-апрелден тарта киргизилген.

Кыргызстандын убактылуу өкмөтү соңку апталарда Астананы кыргыз-казак чек ара бекеттерин кыргыз атуулдары үчүн да ачууга чакырып келген.

Апрел жана май айларында Кыргызстанда эле эмес, Казакстандын ордо шаарында да расмий Астананы тез арада кыргыз-казак чек арасын ачууга чакырган бир нече нааразылык чаралары өткөн.

Эгерде Казакстан бейшембиде өзүнүн чек ара бекеттерин ачса, анда кыргыз-өзбек чек арасы гана жабылуу бойдон калат. Ал эми Кытай менен Тажикстан өздөрүнүн Кыргызстан менен чек арасын жабышкан эмес. Кытай 1-май майрамынан карата гана бир нече күнгө өз чек арасын убактылуу жапкан болчу.

XS
SM
MD
LG