Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:58

Чек ара чоң көйгөйгө айланчудай


Кыргызстандын ишкер чөйрөсү бир айдан ашуун убактан бери ачылбай турган кыргыз-казак, кыргыз-өзбек чек арасынын ачылбай жатканына тынчсызданып, Убактылуу өкмөткө кайрылышты. Алар бул маселени эл аралык уюмдардын катышуусу менен чечүүнү сунушташууда.

Ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Чыңгыз Макешов чек ара жабылгандан улам ишканалар толук кандуу иштебей, зыянга учурап, кызматкерлерди эс алууга жөнөтүүгө аргасыз болуп жатышканын билдирди. Ал ушул убакыт аралыгында ишкерлер тарткан зыянды Казакстан төлөп берсин деген пикирин кошумчалады.

- Биз Убактылуу өкмөт Бириккен Улуттар уюму, Дүйнөлүк соода уюмуна кайрылып, Казакстандан чек араны жапканы үчүн зыяныбызды киийнчирээк төлөп берүүсүн талап кылуусун сурайт элек. Кыргызстан жалпы ишкерлер бир айда 10 млрд. сомдун тегерегинде чыгаша болду деп ойлойм.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин башкы директору Кубан Ашыркулов Кыргызстанда чек ара маселеси эң көйгөйлүү болуп жатканын белгилеп, “Бишкек сүт” ишканасы эле бир айдын ичинде 200 млн. сомдон ашуун чыгаша тартканын кошумчалады. Ал Убактылуу өкмөттүн бул маселени чечүү үчүн аракет кылып жатканын белгилеп, бирок эл аралык уюмдардын кийлигишүүсү менен чечүүнү сунуштайт.

- Мисалы сүт, эт продуктулары, жаңы бышып жаткан жашылча-жемиштер негизинен эле Казакстанга кетчү. Ошонун баары токтогонго маселе абдан көйгөйлүү болуп турат. Кыргызстан өзү бул маселесин чече албайт. Ошондуктан эл аралык уюмдардын кийлигишүүсү менен Казакстанга кандайдыр бир басым кылып, чек араларды ачуу үчүн сүйлөшүүгө мажбурлаш керек. Жакын арада бул маселеси чечилбесе чоң кризиске алып келиши ыктымал.

Мындан сырткары “Бишкек сүт” ишканасынын жетекчилиги кампаларда товар топтолуп калганын, анын айынан жеке адамдардан сүт алуу токтошу ыктымалдыгын кошумчалады.

Ал эми Кыргызстандагы Азиялык туристтик компания борборунун жетекчиси Данияр Казаков чек ара ачылбаса туризм тармагы да кыйла аксап, өлкөгө ири суммадагы акча түшпөй каларын белгиледи. Ошондой эле ал 28-майда Ысык-Көлдө жылына өтүүчү эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси болорун, кошуна өлкөлөрдөн туроператорлор келе албай кала турганын кошумчалады.

Ал эми Убактылуу өкмөттүн аппарат жетекчиси Эдил Байсалов ушул тапта Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Казакстандын атайын өкүлү Булат Утемуратов менен жолугушуп жатканын, ушул маселе да сүйлөшүлөрүн белгиледи.

Роза Отунбаева 13-майда Конституцияга арналган тегерек үстөлдөн чыкканда журналисттерге чек ара туурасында буларды айткан болчу:

- Чек араны он биринде ачабыз деп Казакстанда чечим кабыл алынган болчу. Бирок өзүңүздөр көрүп атасыздар, Кыргызстанда мындай окуялар пайда болуп, аларга да таасир этип атат, бизде тынчсыздануу болуп атат. Ошондуктан биз канчалык тезирээк тынчтансак, ошончолук тезирээк чек ара ачылат.

Казакстандык жаш активист Азамат Жетписбаев “Азаттыкка” берген маегинде белгилегендей, чек ара жабылгандан бери Астанада азык-түлүктүн баасы орто эсеп менен 20-25%га кымбаттаган.

Расмий Астана чек ара жабылгандан бери эле коопсуздукту негизги жүйөө катары атап келүүдө. Буга чейин берилген түшүндүрмөлөргө караганда, Кыргызстандан Казакстанга курал өтүп кетүү коркунучу бар.

Чек ара 7-апрелде Кыргызстанда болгон окуядан соң 8-апрелде жабылган.

XS
SM
MD
LG