Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:39

Жетписбаев: Кыргызстан жөнүндө оң пикир калыптоого көмөктөшөбүз


Жаш саясатчылар (солдон оңго карай): Махамбет Абжан, Азамат Жетписбаев, Жанбота Карашолаков. Астана, 2010
Жаш саясатчылар (солдон оңго карай): Махамбет Абжан, Азамат Жетписбаев, Жанбота Карашолаков. Астана, 2010

Мындан беш жыл мурун Бишкекте жаш казак оппозиционерлер кармалып Казакстанга алынып кеткен. Кармалган Азамат Жетписбаев менен Махамбет Абжанга кылмыш иши козголуп, абакка да отуруп чыгышкан. Алар жакында эле Кыргызстанга келип, убагында колдоо көрсөткөн жарандык коомчулуктун өкүлдөрүнө ыраазычылык билдиришти.

Азамат Жетписбаев: Биз абактан бошоп чыккандан бери бир канча жыл өттү. Андан бери Кыргызстанга Махамбет экөөбүз чогулуп биринчи жолу келдик. Бизди кармаганда бизге колдоо көрсөткөн досторубузга, жарандык уюмдардын мүчөлөрүнө ыраазычылыгыбызды билдирели деп келдик. Бардык досторубуз менен кездешүүгө тырыштык.

Экинчиден, Казакстан менен бизнес карым-катнаш жөнүндө сунуштар бар, ошол демилге менен да келдик. Үчүнчүдөн, азыркы кезде Кыргызстандагы саясий акыбалга боордош, агайын мамлекет ирээтинде көз салып жүрөбүз. Ошол саясий элитанын, азыркы жаңы бийликтин мүчөлөрү менен да жолугуштук.

Биз эми Казакстанга барганда Кыргызстандагы абал тууралуу пресс-конференция берүүнү ойлоп жатабыз. Биз Кыргызстандагы саясий абалды билип, Казакстанда оң коомдук пикир калыптоого өзүбүздүн жардамыбызды бергибиз келет. Быйыл Ысык-Көлгө Казакстандан туристтердин аз келиши мүмкүн. Биз Казакстанга барып, Кыргызстанда азыр абал тынч эле, тартипке салынып атат, Кыргызстанга, Ысык-Көлгө баруудан, Кыргызстан менен соода, бизнес карым-катнаш түзүүдөн коркпош керек деген пикир калыптоо үчүн биз Астанага барып маалымат жыйын уюштурабыз.

"Азаттык": Мындан беш жыл мурун сиздерди Бишкектен Казакстандын атайын кызматы колуңарга кишен салып алып кеткен окуяга күбө болдум эле. Азыр ошол окуяга кайтып эстеп айтып бересизби. Кыргызстанга эмнеге келдиңиздер эле, эмнеге кармашты? Абакка жатып чыкканыңар белгилүү, андан кандай болуп бошодуңар?

Азамат Жетписбаев: 2005-жылдары биз Казакстанда отунчул жаштар кыймылында, СПМК дейт, ошондо болчубуз. Ал кезде СПМК Казакстандагы жаштардын арасынан эң беделдүү, эң активдүү, рейтинги жогору кыймыл болгон. Ошол кездери биз оппозицияда болгонбуз. Жөн эле оппозицияда эмес, радикалдуу оппозиция болдук. Казакстанда президенттин өзүнө ачык пикирибизди билдирип жүргөн жаштардын ичинен эле эмес, жалпы чоң саясатчылардын ичинен эң ачык, эң өткүр пикирин билдирген жарандардын бири биз болгонбуз. Ошол кезде бизге кылмыш иши козголду.

2005-жылы декабрда Казакстанда президенттик шайлоо болгон. Ошол президенттик шайлоого аракет кылып, биз каршы, туура эмес иш кылган адамдарды шайлоодон тайдыруу үчүн иш-аракеттерди жасаганбыз. Андан кийин бизге кылмыш иш козголгондо биз Кыргызстанга качып келдик. Кыргызстанда ошол кезде жаңыдан революция болуп, революциядан кийин демократиянын аралчасы деп келген болчубуз.

Биз 10-октябрда келгенбиз. Биз келгенден кийин эки айдан кийин, 13-декабрда бизди Казакстандын күчтөрү менен Кыргызстандын күчтөрү биригип кармады. Махамбетти, мени жана Жанбото деген жигит үчөөбүздү кармады. Анан кандайдыр бир жагдай менен мени жана Жанбото Карашубаковду бошотуп жиберди. Бирок Махамбетти он күн ошол жерде кармап, анан Казакстанга алып кетишти. Мен болсо ушул жерде болдум. Махамбетти бошотуу боюнча эл аралык комитет түздүм. Көптөгөн мамлекеттерден адамдарды, уюмдарды чогултуп, президенттин атына кайрылуу жасадык. Көптөгөн эл аралык кыймылдардын атына кайрылуу жасадык. Айта кетүүчү жагдай, кыргыздын жарандык коомунун көмөгү менен бардыгы жакшы болду.

Мен Кыргызстанда бир жыл болдум. 2006-жылы 11-декабрда Алматага эл аралык конференцияга барып ошол жерде сөз сүйлөдүм. Төрт күндөн кийин, конференция бүткөндө мени кармап кетишти. Махамбетке соттун чечимин чыгарбай бир жыл кармашкан. Бир жылдан кийин Махамбетке үч жыл берип, мени шарттуу түрдө абакка кесишти.

"Азаттык": Махамбет, сизге кандай айып тагышты?

Махамбет Абжан: Алды менен кыргыз боордошторума чын жүрөктөн рахмат айткым келет. “Махамбет Абжанды бошотуу” боюнча эл аралык комитеттин мүчөлөрү Азиза Абдирасулова, Тимур Шайхудинов, Мирсулжан Намазалиев, Турсунбек Акун жана дагы башка азаматтарга чын жүрөктөн рахмат айткым келет.

Бизге каршы бир нече берене боюнча кылмыш ишин козгошкон. Анын ичинде мамлекеттик бийликти күч менен алуу, мамлекеттик каржыны күч менен алуу деген сыяктуу бир катар беренелер боюнча иш ачылган. Бирок эки берене гана сотко жетти. Белгилеп айткым келет, кыргыздын белсендүү атуулдарынын жардамы менен башка беренелер жок болду. Мага прокурор жети жыл катуу режимдеги зонага жиберүүнү айтты. Бирок үч жылга гана соттолдум. Бул да кыргыз азаматтык коомдун үлкөн салымы бар деп эсептейм.

Түрмөдө мен үч жыл болдум. Мага мөөнөтүмдөн эрте бошоого уруксат беришкен жок, ошондуктан мөөнөттүн аягына чейин отуруп чыктым.

"Азаттык": Азыр эмне менен алектенип жатасыз? Сизге карата куугунтук жокпу?

Махамбет Абжан: Биз түрмөдөн чыккандан кийин бизге “сиздер оппозициялык саясатка аралашпайсыңар, эл башчыбыздын саясатын жокко чыгарбайсыңар” деген шарт койду. Ошондуктан биз мурун радикалдуу оппозиция, революциялык, радикал оппозициялык жаштар уюмдарынын бири болсок, азыр биз конструктивдүү саясий кыймыл ирээтинде иш жүргүзүп жатабыз. Анын ичинде эл аралык саясатка да аралашабыз. Жакында биз кыргыз-казак чек арасы ачылсын деп “казак-кыргыз бир тууган” деген бир катар акция өткөрдүк. Өкмөт үйүнүн алдына да чыкканбыз. Бактыга жараша чек ара да ачылды. Ошонун арты менен биз бүгүн мейман болуп Кыргызстанга келип отурабыз.

"Азаттык": Азыр Казакстанда оппозициялык күчтөр кандай? Мына, сиздер айтып өттүңүздөр, мурун келишкис оппозиция болгон деп, азыр да ошондой күчтөр барбы же алардын баары силер айткандай конструктивдүү күчкө айланыштыбы?

Махамбет Абжан: 2005-жылы биз сыяктуу радикал оппозиция жок деп айтса болот. Бүгүнкү саясий оппозиция революцияга чакырбайт. Президентке тийишпейт. Тек гана Карим Масимовдун өкмөтү кетсин, парламент таратылсын деген гана талаптар коюлууда. Саясий оппозиция президентке бүгүнкү күндө саясий сын айтпайт. Нурсултан Назарбаевди кет деп жүргөн бири-серин гана саясатчылар бар, ал эми саясий партия ирээтинде Назарбаевге сын айткандар жок, тилекке каршы. Компартиянын кээ бир мүчөлөрү сын айтат, бирок Назарбаевге каршы чоң кайрылууларды жасабайт.

"Азаттык": Кыргызстанга эки жолу революция болду. Соңку ыңкылапты казак коомчулугу кандай кабыл алды? Казак президенти Н. Назарбаев бул окуяга жаман баа бергени белгилүү.

Азамат Жетписбаев: Назарбаевдин андай баа бериши түшүнүктүү нерсе. Казак бийлиги Кыргызстандагы болуп жаткан окуяга жакшы карабасын деп саясат жасап жатканы белгилүү. Казакстанда мамлекеттик маалымат каражаттарда Кыргызстанды жаманатты кылган берүүлөр көрсөтүлөт. Эл эгерде бизде да ушундай көтөрүлүш болсо, ушундай жаман болот деп ойлошсун дешет. Мына ушундан улам элдин да ою Кыргызстанда башаламан болуп жаткан экен, ар дайым саясий күрөш, төңкөрүш болуп жаткан экен деп калыптанат.

"Азаттык": Кыргызстанда соңку беш жылдын ичинде эмне себептен эки ыңкылап болду деп ойлойсуз?

Азамат Жетписбаев: Орусиянын өкмөт башчысы В. Путин айткандай, Бакиев Акаевдин тушундагы эле каталарды кайталады. Кээ бирөөлөр андан да көп каталарды кетирди деп да айтып атышат.

Революцияны бир адам жасабайт, бүтүндөй бир команда жасайт. Элдин атынан чыккан саясатчылар жасайт. Эл араларды колоп бирге чыкты. Бийликке келген адам бийликти өзү жалгыз ээлеп алып, өзү менен бирге чыккандарды таштап кетүүсү дурус эмес. Бул Бакиевдин беделин көтөргөн жок. Ошондуктан анын режими көпкө созулган жок. Эми мына жаңы бийлик келди.

Махамбет Абжан: Президенттин бийлиги чектелүүгө тийиш. Эгер президенттик бийлик мурункудай болсо Бакиев болсун, Акаев болсун, же башка президент болсун, ал кези келген убакта бийликти узурпациялап, өз бийлигин күчөтүп, диктатор боло берет.

Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин прецеденти болуп аял кишинин президент шайланышы мен үчүн өтө кубанычтуу. Аялдардын эркектерге караганда жоопкерчилиги көбүрөөк. Кыргызстандын убактылуу президенти Роза Отунбаева иштин аягына жеткирет деп ишенем. Бирок орустарда көңүл калбаш үчүн өтө суктанбаш керек деген сөз бар.

Бакиевдин экинчи Акаев болуп калганы - жарандык коомдун алысыздыгынан болду. Эгер президентке коомдук көзөмөл алсыз болсо президент коомдун унчукпай отурганынан пайдаланып бийлигин күчөтөт. Акырында диктатор болуп экинчи Акаев, үчүнчү Бакиев болуп калышы мүмкүн. Ошондуктан бүгүн сунушталып жаткан парламенттик республика дурус. Абсолюттук парламенттик республика болбой, президенттик-парламенттик же парламенттик-президенттик республика болууга тийиш деп ойлойм.

"Азаттык": Кыргызстан Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен биринчилерден болуп парламенттик башкарууга көбүрөөк ыктаган мамлекет курабыз деп жатышат. Баш мыйзамдын долбоорунда президенттин ыйгарым укуктары кескин кыскартылды. Бул аракеттер аталган жумурияттагы мамлекеттерде, ошол эле Казакстанда кандай кабыл алынышы мүмкүн? Силерде мисалы азыр супер президенттик башкаруу да.

Азамат Жетписбаев: Менин оюмча накта парламенттик башкаруунун арты да проблемаларды жаратышы мүмкүн. Ал парламенттик кризиске айланат. Анткени азыркы кезде Кыргызстанда саясий күчтөрдүн арасында элдин дээрлик көпчүлүгүнүн колдоосуна ээ болгон партия жок шекилдүү. Бирдиктүү улуттук лидер жок шекилдүү. Бир катар партиялар бар. Бир эле лидерди, бир эле партияны колдоо жок. Анткени биз, Казакстан да, Кыргызстан да Азия мамлекеттерибиз. Биз каалабасак да түштүк, түндүк, дагы башка белгилер менен бөлүнөбүз. Ар бир жактын өзүнүн адамы болот. Ар бир жердин көсөмү, лидери сыяктуу болот, ушунун аркасында Кыргызстанда бирдиктүү лидер болбой жатат.
Менин оюмча жарым-жартылай президенттик-парламенттик башкаруу болуш керек. Президент тек гана номиналдуу адам эмес, ага жарым укуктарды бериш керек. Эгерде 4-5 партия парламентке өтсө эртең кандайдыр бир маселе менен бир-бирине жолтоо болуп, бир партия башка партияны иштетпей жатса чечим чыгарыш кыйын болуп калат. Ар бир мыйзамды чыгаруу узакка созулуп кетиши мүмкүн.

Махамбет Абжан: Биздин алдыбызда Молдова республикасынын мисалы бар. Өзүңүз билесиз, Молдова да парламенттик республика. Молдовада коммунисттер бийликте болгон. Жакында эле коммунист Воронин добуш алалбай бийликтен кетти. Аларда парламенттик кризис болду. Бирок парламенттик кризис Кыргызстандагы соңку окуяларга караганда алда канча жакшы деп ойлойм.

Парламенттик кризистер ар мамлекетте боло берет. Англияда да жакында парламенттик кризис болду, бирок алар коалициялык өкмөт курушту. Грецияда да парламенттик кризистер боло берет. Бирок аларда киши өлтүрүү, дүкөндөрдү тоноо деген жок. Менимче Кыргызстанда парламенттик-президенттик республика болсо өтө туура чечим болот деп ойлойм.

"Азаттык": Силер 2005-жылы март ыңкылабынан кийин Кыргызстанга келгенсиңер, эми быйыл апрель ыңкылабынан кийин да келип отурасыңар. Бул жолкусунда кандай өзгөрүүлөрдү байкап жатасыңар?

Азамат Жетписбаев: Менин оюмча эл чарчаган шекилдүү. Саясаттан чарчаган шекилдүү. Шайлоодо элди саясий ураандар эмес, накта экономикалык маселелерди чечүүнүн жолдору кызыктырат окшойт. Ушундай сунуш менен чыккан лидер болсун, партия болсун көбүрөк добуш алат окшойт. Ушул себептен азыркы кезде элге азыр кризистен чыгуунун жолдору керек.

Махамбет Абжан: 2005-жылы Кыргызстанга келгенде биз өтө таң калдык. Жарандардын, жыйындардын эркиндиги, саясий плюрализмди көрүп биз өтө таң калдык. Ошол кезде президент менен премьер-министрдин ориентациялары дуруспу, же дурус эмеспи деген макалаларды көрүп өтө таң калдык. Бирок 2010-жылы келип кыргыз калкынын саясий сабаттуулугу, саясий маданияты 2005-жылга салыштырган өтө жогорулаганын байкадык.

Мурун эл накта саясий лидерлердин арасында тандоо жасаган: бул дуруспу, же тиги дуруспу, Бакиевди тандайбызбы, же Куловдубу деп тандоо жасаган. Бүгүн калк тек гана лидерлерди ойлогон жок. Алар жаңы адамдарды, жаңы күчтөрдү издөө керек деп отурат. Кыргызстанга 35-40 курактагы жаш лидер керек деп турат.

Мисалы, бизде, Казакстанда, көптөгөн серепчилер, саясатчылар бизден “Назарбаев кеткенден кийин ким башчы боло алат? Туякбаевби, же Апиев, же башкабы?” деп сурашты. Казакстанда 16 миллион калк бар. Мен Казакстанда президенттикке талапкер 16 миллион эл бар деп айта алам. Кыргызстанда да ушундай. Кыргызстанда 5 миллион патриот жашап жатат. Бүгүн жаш лидерлер бар.

Менин үлкөн кыялым - Кыргызстан менен Казакстан болочокто Борбор Азиялык борбор курса өтө жакшы болот эле. Тилекке каршы, биздин лидерлебиз ушундай биримдик кура албай жүрөт. Бирок эртең биз бийликке келгенден кийин Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан, Кыргызстан жана Казакстан Ортоазиялык биримдик курсак бизге Кытай да, Орусия да, башка да элдер бизге коркунучтуу болбойт. Биз Орто Азияда коопсуздукту сактап, экономикаларыбызды, маданияттарыбызды, тилдерибизди көтөрүп, өнүктүрө алабыз.

"Азаттык": Рахмат.

XS
SM
MD
LG