Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:52

Гезиттер: Ислам Каримов диктаторбу?


Бул апта (15-20-май) Орусиядагы ММКлардын көңүл чордонунда Өзбекстанга байланыштуу окуялар болду. Кыргызстан боюнча олуттуу макалалар жарык көргөн жок.

Парижде Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун кызы Лола Каримова франциялык “Rue89.com” басылмасын сотко берди. Бул басылма бир жыл мурун жазылган макалада Каримовду “диктатор” деп атаган. Лола Каримова ушул сөз үчүн соттошууда. Сот Парижде башталды.

Бул тууралуу “Lenta.ru”, “Inosmi.ru” агенттиктери жана “Азаттык” үналгысы жазып чыгышты.

20-майда “Фергана.Ру” маалымат агенттиги Өзбекстандын бир нече шаарларында толкундоолор болду деген сөздөр такталбаганын жазды.

19-майда Москвада орусиялык саясатчы Алексей Митрофанов Ташкентте 18-майда көчөгө 10 миң адам чыкканын, Анжиян менен Ферганада 15 миңден адам митингге топтолгонун айтып чыккан.

Митрофанов Ташкентте атышуу болбогонун, митингчилердин өкүлдөрүн бийлик кабыл алганын, ал эми Анжиян менен Ферганада атышуу болуп, бир нече адам жабыркаганын кошумчалаган. Бул маалыматтын бири да такталган жок.

20-майда “Газета.ru” сайтында “Скинхеддер камалууда жана кайра чыгууда” деген макала жарык көрдү.

Санкт-Петербургда ашынган улутчул топтордун сот иши аягына чыгууда. Боровиков-Воеводин деген топтун 14 мүчөсүнүн экөө акталды. Бул топ ондогон “славян эмес” адамдарга чабуул жасаган. Сот иши үч жылга созулган.

Deutsche Welle радиосу кыргыз түрмөлөрүндөгү улгайып калган адамдардын абалына көңүлүн бурду. Макалада түрмөдөгү абал аябай жаман, айрыкча картайгандар кыйналып жатканы чагылдырылган. Бул жаатта Еврбиримдиктин каржылоосу менен жергиликтүү бейөкмөт уюмдар иш алып барышууда.

Кыргызстандык түрмөлөрдө 10 миңден ашуун адам отурат, алардын 17 пайызы – 50 жаштан өткөндөр.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG