Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:12

Түндүк Европада 252 авиакаттам аткарылган жок


Исландияда атылган жанар тоодон улам Европанын түндүгүндө 250дөн ашуун авиакаттам токтотулду. Негизинен Түндүк Ирландия, Шотландия жана Скандинавиянын аэропорттору убактылуу жабылды. Европанын авиакаттамдарды көзөмөлдөө боюнча баш кеңсесинин өкүлү Брайан Флиндин маалымдашынча:

- Жанар тоо дале от бүркүүдө. Бирок мурдагы күндөргө караганда азайды. Ошентип күлдүн чаңы былтыркыдай тез жайылбай жатат. Анын курамы дагы былтыркыдан айырмаланып турат.

Бирок эксперттер Исландияда атылган жанар тоо былтыркыдай алты күн бою асманды каптап, авиакаттамдардын иш ыраатын тополоңго салбайт дешет.

XS
SM
MD
LG