Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:11

Токтонасыров БУУ үйүнүн алдына акцияга чыгат


Укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров эртең БУУ үйүнүн алдында эл аралык комиссиянын июнь коогасы боюнча бүтүмүн өрттөйт. Акция убагында укук коргоочу дакиден беткап жана мээлей кийип алат. Токтонасыров отчетту эки улут ынтымагын ыдыратчу согуштук куралга окшош деп сыпаттап, аны өрттөө менен документ катары анын жараксыздыгын образдуу көрсөткүсү келгенин “Азаттыкка” билдирди.

Өндүрүш Токтонасыров “эл аралык комиссия июнь коогасын дыкат иликтөөгө алган эмес, отчет бир тараптуу болуп калган” деп айыптоодо. Каршылык акциясына чыккан укук коргоочу БУУдан бул отчетту канааттандырарлык эмес деп таап, дүйнөлүк коомчулукка шардана кылуусун талап кылат.

Июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссия ишинин корутундусун 3-майда Бишкекте жарыялаган. Комиссия төрагасы Киммо Килюнен июнь коогалаңы аскердик кылмыш же геноцид эмес деп билдирген. (EK)

XS
SM
MD
LG