Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:59

Тбилисидеги демонстранттар күч менен таратылды


Президент Михаил Саакашвилинин кызматтан кетишин талап кылган жүздөгөн демонстранттарды таратуу үчүн грузин полициясынын атайын күчтөрү көздөн жаш агызуучу газ жана суу бүркүгүчтөрдү колдонгон. Оппозиция лидерлеринин бири Нино Буржанадзе ондогон демонстранттар камакка алынганын билдирсе, грузин ички иштер министрлигин өкүлү түн ортосунда башталган операция учурунда бир полицей каза таап, 18 полицей жаракат алганын айтты. ИИМдин өкүлү Шота Утиашвили ырастагандай, каза тапкан полицейди демонстранттарды салып кетип бара жаткан автоунаалардын кербени коюп кеткен, ал машиналардын бири оппозиция дидери Нино Буржанадзени алып бара жаткан.

Кууп, таркатылар алдында демонстранттар Грузиянын көз карандысыздык күнүнө байланыштуу бүгүнкүгө белгиленген аскерий парадга тоскоолдук кылбоо үчүн тарап кетүү жөнүндөгү талаптарды аткаруудан баш тартышкан эле. Алар нааразылык акциясын өткөрүп жатканына беш күн болуп калган. Грузин оппозициясы батышчыл Михаил Сакашвилини 2003-жылкы “Роза ыңкылабынан” бери бийликти монополдоштуруп алды деп айыптоодо.

XS
SM
MD
LG