Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:11

“Эгалите:” Кыргызстанда улут аралык мамилелерде чыңалуу байкалууда


“Эгалите” коомдук бирикмесинин иликтөөсүнө ылайык, Кыргызстанда улуттар аралык мамилелерде чыңалуу байкалып, калктын басымдуу бөлүгү социалдык депрессия ичинде турат. Мындай абал Кыргызстандын түштүгүнө гана эмес, түндүгүнө да мүнөздүү.

Аталган коомдук фонддун жетекчиси Татьяна Выговскаянын “Кабар” маалымат агенттигинде билдиришинче, буга акыркы мезгилде маалымат каражаттарында улут аралык мамилелерге байланыштуу маалыматтардын көбөйүшү, июнь коогасы тууралуу отчеттордун айланасында талкуулардын күч алышы жана экономикалык абал себеп болууда.

“Январь айынан баштап массалык маалымат каражаттарында улут аралык мамилелерди чагылдырган материалдар төрт эсеге өскөн. Бул жагдайлар өсүп отурса ар кыл карама-каршылыктар чыгып кетиши мүмкүн”, - деди Татьяна Выговская. Мындан улам аталган уюм маалымат каражаттарын улут аралык маселелерди чагылдырууда этият мамиле кылууга жана мамлекетти коопсуздук маселесине көңүл бурууга чакырууда.

“Эгалите” коомду фондусу мындай жыйынтыкка отуздан ашык маалымат каражаттарын талдоо, аймактарда байкоо жана сурамжылоо жүргүзүү жолу менен жетишкен. (KKs)

XS
SM
MD
LG