Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:33

Кыргыз-кытай чек арасында жоголгон кыз табылганы кабарланууда


Кыргыз-кытай чек арасында жоголгон эки жаштагы кыргыз кыздын табылганын Орусиянын телеканалдарына таянып "24.kg" сайты жазып чыкты. Маалыматка ылайык, Гули аттуу эки жаштагы кыз мал жайып кеткен ата-энесин издеп чыгып, кыргыз-кытай чек арасынын талаасында жоголуп кеткен. Наристени издөөгө ыктыярчылар жана кытай чек арачылары чыгышкан. “Бөбөк чуңкурчага курткасын жамынып жашынып алган. Бул анын талаада тоңуп калуудан сактаган”, - деп жазылат маалыматта.

Жоголуп табылган кыздын кайсы аймактан адашканы, толук аты-жөнү жазылган эмес. Ал эми Кыргызстандын Чек ара кызматы азырынча мындай маалымат аларга түшө электигин “Азаттыкка” билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG