Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:38

АКШ президенти бүгүн Польшага келет


Польша - Барак Обама Европадагы азыркы сапарында токтоочу акыркы өлкө. АКШ президенти ал жерде Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн лидерлери менен жолугат. Аймактык лидерлер Польшада эки күндүк саммитке жыйналууда. Эки күндүк жыйындын башкы темасы – аймакта акыркы жыйырма жылда демократия куруунун тажрыйбасын жана аны дүйнөнүн башка бөлүгүнө, атап айтканда Жакынкы Чыгыш менен Түндүк Африкада колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо болот.

АКШ президентинин Польша лидерлери менен сүйлөшүүлөрүндө энергия жана коргонуу маселелерине көңүл бурулары күтүлүүдө. АКШнын Энергетика администрациясынын соңку баяндамасына караганда, Польша сланц газынын өлкөнүн алдыдагы 300 жылдык муктаждыгын камсыз кылгыдай коруна ээ. Коргонуу чөйрөсүнөн болсо АКШнын Ф-16 үлгүсүндөгү учактарынын айрымдарын Польшадагы базага ротациялоо маселеси каралары күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG