Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:32

Укук коргоочулар кеңеши Килюненди колдоп чыкты


Кыргызстандагы Укук коргоочулар кеңеши июнь коогасын иликтеген эл аралык комиссиянын жетекчиси Киммо Килюнендин өлкөгө киришине тыюу салынганына байланыштуу билдирүү таратты. Анда Жогорку Кеңештин мындай чечими Кыргызстандын Баш мыйзамына жана эл аралык гуманитардык укукка каршы келери айтылат. Билдирүүдө парламенттин бул кадамы жоопкерчиликсиз жана чыдамсыз аракет катары бааланып, эл аралык коомчулуктун жардамынын четке кагылышы өлкөнүн беделине жана келечегине шек келтирери белгиленген.

Кечээ парламент июнь коогасын иликтөөгө алган эл аралык комиссиянын корутундусун юридикалык күчү жок документ катары таанып, “Тышкы миграция” мыйзамына ылайык комиссия төрагасы Киммо Килюнендин Кыргызстанга кирүүсүнө тыюу салган. (KKs)

XS
SM
MD
LG