Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

Орусия Каддафиге кысым күчөтүү чакырыгына кошулат


НАТОнун согуштук учактары Ливиянын баш калаасы Триполини бешинчи түнү катары менен бомбалады.

Ливиянын мамлекеттик сыналгысы шаардын бир нече бөлүгү соккуга кабылганын кабарлап, Миздага жакын жерде "адамдар набыт болуп, материалдык чыгым көптүгүн" билдирди.

Францияда өткөн Чоң сегиздин жыйынында президент Дмитрий Медведев Орусия Батыштын Муаммар Каддафини бийликтен кетүү чакырыгына кошулаарын жана бул иште ортомчу болуу сунушун айтты.

Д. Медведев "Каддафи мындан ары өз өлкөсүн башкаруу укугун жоготкондугун" кошумчалады.

XS
SM
MD
LG