Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:25

Кытай Ички Монголияда коопсуздук чараларын күчөттү


Кытай - Ички Монголия автоном районундагы нааразыылк акция, 29-май. Сүрөт www.smhric.org сайтынан алынды.
Кытай - Ички Монголия автоном районундагы нааразыылк акция, 29-май. Сүрөт www.smhric.org сайтынан алынды.

Кытай бийликтери өлкөнүн түндүгүндөгү Ички Монголия автономдуу районунда коопсуздук чараларын күчөттү.

Мунун алдында аталган чөлкөмдө бир аптадай убакытка созулган толкундоолор орун алган. Нааразылык акциясынын чыгышына монгол малчыларынын бирин көмүр казган кытайлык компаниянын унаасы тебелеп кеткени түрткү берген экен.

Ички Монголия чөлкөмүндөгү соңку демонстрациялар тууралуу Кытайдын расмий маалымат каражаттары ачык-айкын эч нерсе айта элек. Маселен мамлекеттик “Синхуа” агенттиги Ички Монголиянын аймактык өкмөтүнө шилтеме жасап, аймакта көмүр казууда жана аны ташууда коопсуздук чаралары күчөтүлөрү жөнүндө гана кабарлады, бирок чөлкөмдөгү демонстрацияларды эскерген жок. Андыктан жаңылыктар адам укугун коргоочу уюмдардын жана Батыш маалымат агенттиктеринин каналдары аркылуу гана түшүүдө.

"Рейтер" агенттиги дүйшөмбү күнү Ички Монголиянын борбору Хук-Хото шаарында бир аптага жакын созулган демонстранциялардан кийин коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн, ал эми бийликтер ошол толкундоолорго алып келген кырсыктан кийин эми көмүр өндүрүшүндөгү коопсуздук чаралары жакшыртылары жөнүндө айтып жатышканын кабарлады.

Рейтердин маалыматында айтылгандай, дүйшөмбү күнү да Хук-Хото шаарынын борбордук Синхуа аянты жана ага канатташ жайгашкан көчөлөр полициянын аскерий бөлүктөрүнүн курчоосунда турду. Ошондой эле дүйшөмбү күнү аймактын башкы окуу жайы – Монголия университети жабык болду. Өткөн аптада интернетте нааразылык акцияларына кошулуу жөнүндөгү чакырыктар күчөгөндөн кийин кытай бийликтери Ички Монголиянын бир катар аймактарына полициянын атайын бөлүктөрүн жайгаштырган.

Ички Монголияда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүн, аймактын борборун полициянын жоон топ күчтөрү көзөмөлдөп жатканын, атүгүл аймакта интернет кызматынын иштөө ыргагы жайлатылганын “Ассошейтед пресс” агенттиги кабарлады.

Мунун алдында баш кеңсеси Нью-Йоркто жайгашкан уюм – Түштүк Монголиядагы адам укуктарынын маалымат борбору 29-майда кытай бийликтери аймактын ири шаарларынын баарында (Hohhot, Tongliao, Ulaanhad, Dongsheng) өзгөчө абал киргизгенин кабарлаган.

Аталган уюмдун директору Энхбат Тогочок дүйшөмбү күнү кечинде “Азаттык” радиосунун кабарчысы менен маегинде, акыркы сааттарда интернет байланышы абдан жайлагандыктан Ички Монголия менен телефон аркылуу гана кабарлашуу мүмкүн болуп жатканын белгилеп, бизге буларды айтты:

- Биз алган эң соңку маалыматка караганда, монгол студенттери, карапайым монголдор Түштүк же Ички Монголиянын борбору Хук-Хото шаарында күчөтүлгөн коопсуздук чараларына карабай монгол элинин укуктарын талап кылуу үчүн көчөгө кечээ да чыккан.

29-майдагы демонстрацияга кеминде жүздөгөн адам катышкан. Бирок алар кытай полициясынын күчтөрү тарабынан дароо эле таратылган. Кырдаал чыңалган бойдон турат. Жогорку жана орто мектептер жабылган. Студенттерге кампустарынан чыгууга мүмкүндүк берилбей жатат. Окутуучу, профессорлорго да кампустардан кетпөөгө, студенттерди байкоого алып, аларды утур-утур санап турууга буйрук берилген.

Мындай жагдайга карабай монгол студенттери кампустардын ичинде ураан-чакырыктарды айтып, Кытай өкмөтүнүн Түштүк Монголиядагы улуттук саясатына каршылык билдирүүдө.


Түштүк Монголиядагы адам укуктарынын маалымат борборунун директору Энхбат Тогочок “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде аларда нааразылык акциялары учурунда же полиция менен кагылыштан адам майып болгон учурлар жөнүндө кабар жоктугун, бирок Шилин-Хото деген шаарда кеминде 40 малчы жана студент кармалган жана камакка алынгандар саны өсүп жатат деген маалымат бардыгын кошумчалады.

Бул уюмдун маалыматтарына караганда, 27-майда Шилин-Хото шаарында полициянын атайын бөлүгүнүн 300дөй кызматкери жүздөгөн монголиялык малчылар жана студенттер менен кагылышкан.

28-майда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүнө карабай Улаанхад деген шаарда да жүздөгөн монгол студенттери менен койчулары монголдордун укугу урматталышын талап кылып көчөгө чыгышкан.

23-майда тутанган нааразылык акцияларына 10-майдын түнүндө орун алган окуя себеп болгон экен. Анда Кытайдын көмүр казуучу ири компанияларынын биринин жүк ташуучу унаасы монголдордун Мерген ысымдуу малчысын тебелеп, денесин 150 метрге чейин сүйрөп барган. Ал күнү монгол малчылары көмүр тарткан унаанын жолуна жайыт жерлерди коргоо аракетинде чыгышкан. Жергиликтүү бийликтердин бул окуяны көз жаздымда калтырышы монголдордун жаратып, алардын көчөгө чыгышын шарттаган. Монголдор малчыны тебелеп-өлтүргөндөр жазаланышын талап кылышкан.

Ички Монголия автоном районунун расмий басылмасы – “Иннер Монголия Дейли” басылмасынын жазганына караганда, аймактык компартиянын лидери Ху Чуньхуа 29-майда демонстрацияга чыккандардын бир тобу менен жолугушуу учурунда бийлик койчунун өлүмү үчүн күнөөкөрлөрдү жазаларына ишендирген. Бийликтер көмүр тарткан автоунаа монгол малчысын мерт кылган окуяга байланыштуу эки кытайды камакка алышкан.

Айтор Ички Монголиядагы демонстрациялар бул аймакта акыркы 20 жылда ушундай мүнөздө орун алган окуялардын эң ириси катары каралууда. Тибетке же Шинжаң-уйгур автоном районуна салыштырмалуу нааразылык акциялары Ички Монголия үчүн сейрек кездешүүчү көрүнүш. Монголдор азыр аймактын 24 миллион келген калкынын көп дегенде 20%дайын эле түзөт.

Кытай үчүн болсо Ички Монголия акыркы жылдары көмүрдүн башкы булагына айланууда. Көмүрдүн ири кендери бар бул аймакта улам жаңы шахтылардын ачылып жатышы монгол малчыларын тынчыздандырат. Алар шахтылар жайыттарды талкалагандыктан, улуттук өзгөчөлүктү, көчүп-конууга ык алган жашоо образын жана малчылык кесибибизди жоготобузбу деп кооптонушат.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG