Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:29

Митингчилер тоскон Ош-Бишкек жолу ачылды


Жалал-Абаддагы кабарчыбыз Ырыспай Абдраимовдун айтымында, ИИМдин түштүк аймагы боюнча орун басары Курсан Асановдун кайрылуусунан кийин митингчилер жолду убактылуу ачты. “Кыргызмунайгаздын” мурунку директору Каныбек Масировду колдоо иретинде өткөрүлүп жаткан митингге Кочкор-Ата шаар башкармалыгынын билдирүүсүндө -1000, митингчилердин айтымында - 2000, ал эми Ноокен райондук милиция бөлүмүнүн эсебинде - 200 адам катышууда.

“Кыргызмунайгаздын” мурунку директору Каныбек Масировдун тарапкерлери өкмөт башчы Алмазбек Атамбаевдин соңку дайындоосуна макул эместигин билдирип, сырттан башкаруу киргизбей эле Каныбек Масировдун кызмат ордуна кайрадан коюлушун талап кылып жатышат. Алар бул талап аткарлмайынча жол толугу менен ачылбай тургандыгын эскертүүдө. (EK)

XS
SM
MD
LG