Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Октябрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:00

Аксы окуясы боюнча соттолгон адам ЖКда иштеп жатканы айтылды


Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров Аксы окуясына байланыштуу соттолгон Жалал-Абад областынын мурунку прокурору Зоотбек Кудайбергенов учурда парламенттин соттор бөлүмүндө иштеп жатканын, аны тезирээк тактоо зарылдыгын белгиледи. “Ошол окуяда адамдарды мыйзамсыз кармап, тиешелүү чара көрүлгөн эмес. Эгер соттолгону анык болсо ал ЖКда иштебеш керек” – деди Шайназаров.

Аскердик соттун өкүмү менен 3 жылга эркинен ажыратылган. Кудайбергенов өзү “Азаттыкка” курган маегинде 2002-жылы 17-марттагы кан төгүлүүгө өзүнүн эч кандай тиешеси жок экенин айткан.

2002-жылы 17-мартта Жогорку Кеңештин ал кездеги депутаты Азимбек Бекназаровдун камалашына нааразы болгон шайлоочулары Аксы районунун борбору Кербенге жөнөшкөн. Аларды Боспиек айылына жакын жерде бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлери токтоткон. Ал жерде тартип коргоо органдарынын кызматкерлеринин огунан беш киши каза болгон. 18-мартта Кербенде дагы бир бала атылып, ондогон адамдар жарадар болгон, уруп-согулган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG