Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:10

Йемендин байтакты уруш майданына айланды


Йемендин коопсуздук күчтөрү менен Шейх Садык ал-Ахмардын тарапкерлеринин өткөн түнү Санаада болгон салгылашуусунда кеминде 15 киши окко учту. Маалыматтарга караганда, ал-Ахмардын миңдеген куралдуу уруулаштары ордолуу Санааны көздөй баратышат.

Өлкө түштүгүндөгү Таиз шаарында коопсуздук күчтөрү менен президент Салехтин бийликтен кетүүсүн талап кылган оппозициянын согушу бүгүн да уланууда. Бул аптада президент Салех Перс булуңундагы өлкөлөр сунуш кылган планды четке каккандан кийин кайра башталган салгылашууларда Таизде 40 адамдын каны төгүлгөнү маалымдалды.

АКШ мамкатчысы Хиллари Клинтон 1-мюнда Вашингтондо сүйлөп:
"Азыркы чатак президент Салех жана анын өкмөтү кызматтан кетмейинче басылат деп ойлобойбуз. Ошондо гана оппозиция жана жарандык коом акырындап саясый-экономикалык реформаларды баштай алат",-деди.

XS
SM
MD
LG