Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:46

Жети жаш акын, жазуучунун китептери чыкты


Мамлекеттик интеллектуалдык менчик корунун каржылоосу менен жаш акын, жазуучулар Айзада Абазованын "Адашкан каркыра" аңгемеси, Манас Алымбаевдин “Кулак” аттуу даректүү баяны, Гүлжамал Жумаеванын “Дарактан эрте жулунган жалбырак” аңгемеси, Кутмырза Жакыбалиевдин “Дүбүрт”, Бакыт Өмүровдун “Белгисиз жолдор” , Таалай Ормоновдун “Тоо гүлү” , Жылдызай Израилованын “Көңүлдөгү сыр” ыр китептери ар бири 50 нускада чыгарылып, авторлорго тапшырылды.

Мамлекеттик интеллектуалдык менчик корунун мүдүрүнүн милдетин аткаруучу Рахат Топчубаева жаш авторлордун китептерин чыгарууга 25 миң сом сарпташканын, келээрки жылы айыл жерлериндеги авторлордун чыгармаларын китеп кылып чыгарууну пландаштырып жатышканын “Азаттыкка” билдирди.

Үч жылдан бери жаш акын, жазуучулардын чыгармаларын жаштардын республикалык “Нур борбор” бирикмеси комиссия аркылуу тандап, аталган корго сунуштап келет. (EK)

XS
SM
MD
LG