Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:13

Эрдоган Конституцияны кайра жазганы турат


Стамбулдагы добуш берүүдөн бир көрүнүш, 12-июнь, 2011.
Стамбулдагы добуш берүүдөн бир көрүнүш, 12-июнь, 2011.

Жекшемби күнү Түркияда болгон парламенттик шайлоого 15 партиянын өкүлдөрү жана 200дөн ашык көз карандысыз талапкерлер катышты.

Режеп Тайып Эрдоган башындагы Адилеттик жана өнүгүү, кыскача АК партиясы парламенттеги 550 орундун төрттөн үчүн ээлегенге чамынууда. Мурдагы парламентте АК партиясына 331 мандат таандык эле.

330 мандат байыстуу исламчыл партияга 1980-жылкы аскерий төңкөрүштөн эки жылдан кийин кабыл алынган Конституцияны кайра жазууга кеңири жол ачмак.

Эрдоган 12-июнда Ыстамбулдун Азия бөлүгүндөгү мектепте добуш бергенден кийин кабарчылардын суроолоруна жооп берип жатып, шайлоо - эл өз сөзүн добушу менен айтчу учур экенин белгилей кетти:

- Биз кечээ саат алтыда тынч эмес, бирок өтө жандуу шайлоо өнөктүгүн аяктадык. Биз жыйындарда сүйлөдүк. Эмки сөз шайлоочуларда. Бүгүн алар келерки төрт жылда өлкөнү башкарчу адамдарды эркин тандашат. Бул эң калыс жана татыктуу чечим болот. Бул албетте биз үчүн чоң сыноо.

Шайлоо өнөктүгүндө Адилеттик жана өнүгүү партиясы 2002-жылы ал бийликке келгенден тарта Түркиянын экономикасы ырааттуу өсүп жатканын, ондогон жылдары баш-аягын таппаган коалициялык башкаруу жана аскерлердин өкүмзорлугу токтотулганын, ал эми эл аралык иштерде улуттун кызыкчылыгын бекем коргогон максаттуу саясатты карманганын баса белгилеп жатты.

57 жаштагы Эрдогандын сөзүнчө, демократияга жана плюрализмдин принциптерине негизделген жаңы Баш мыйзам - Түркияны Европа Биримдигинин стандарттарына жакындатууга тийиш.

АК партиясы башка партияларга караганда рынок экономикасына алда канча ачык деп эсептелет. Бирок сынчылар Эрдоган кубаты өсүп бараткан бийлигин пайдаланып, президенттик башкарууну күчөтөт, себеби, болочокто президент болууну каалайт дешет.

Стамбулдагы Кадир Хас университетинин профессору Соли Өзел да ушундай пикирде:

- Биз мурдагыдан да кубаттуу Режеп Тайып Эрдоганга, балким авторитардык Түркияга ээ болобуз. Саясий илимде шайлоо же атаандаштык авторитаризми деген түшүнүк бар. Шайлоо өтө берет, мекемелер иштей берет. Бирок бийлик Венесуэладагыдай бир колго топтоштурулат деп ойлойм. Венесуэлада оппозиция бар, шайлоо да өтүп турат. Бирок Уго Чавез өтө кубаттуу, бийликтин баарын өз колуна топтоп алган. Биз мына ушуга барып токтойбуз, себеби премьер-министр президенттик системага баруу мүдөөсүн билдирген.

Эрдогандын оппонеттери акыркы жылдары бийлик структураларында жашыруун сөз тыңшоо, өкмөттү сындаган журналисттерди камакка алуу, тууганчылык кеңири жайылып кеткенин да айтышат.

Элдик-республикалык партия жаңы парламентте эрдоганчылардын негизги оппоненти болору айтылууда. Анын лидерлигине Кемал Кылычдароглу келгенден бери секулярчыл карт партиянын эл ичиндеги аброю бир кыйла оңолгон. Түркияда партиялар парламентке өтүш үчүн шайлоочулардын он процентинин колдоосун алууга тийиш.

2007-жылкы парламенттик шайлоого шайлоочулардын 85 процентке жакыны катышкан.

XS
SM
MD
LG