Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:47

Дипакадемиядагы чырдын башы


Жумагул Сааданбеков
Жумагул Сааданбеков

Дипломаттык академиянын ректору Жумагул Сааданбеков "ал жерде иштеген келиндерге асылган", "ондогон адамды негизсиз жумуштан" алган деген арыз тарады.

Сааданбеков мындай дооматтарды төгүндөп, алар аттестациядан өтпөй калганы жана Эсеп палатасы тарабынан каражатты максатсыз пайдаланганы ашкереленип калгандан кийин кызматтан кетирилгенин билдирүүдө. Ректор бул маалыматты бир жактуу тараткан айрым интернет агенттиктерин сотко берүү ниетинде. Ал арада Тышкы иштер министрлиги академиядагы бул чатакты тактай турганын маалымдады.

Дипломаттык академиянын бир катар кызматкерлери ректор Жумагул Сааданбеков кызматка келген бир жыл ичинде академияда абал терс жагына өзгөрүп, жүйөсүз кызматтан алынгандарын айтышууда.

Буга чейин онго чукул адам ушундай эле арызды ошол кездеги башкы прокурор Кубатбек Байболов, билим жана илим министри Канат Садыковго жолдошкон экен.

Дипакадемиянын Ү.Чотонов, Г.Сооронбаева, А.Атабеков, Т.Ибрагимов, Э.Майлиева, Р.Исаков деген мурдагы кызматкерлери Сааданбековдун жумуш учурунда уктай турганын, мамлекеттик сынактардан акча жасарын, ар кандай калп, коркутуулар менен мурдагы кызматкерлерди академияга акча төктүргөнүн айтып арызданышкан.

Буга жооп болбогондон улам эми алар премьер-министр, Жогорку Кеңештин төрагасы жана Тышкы иштер министрлигине кайрылганы жатышат.

Академиянын жалпы бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Гулира Сооронбаева Сааданбековдун кызматтан кетишин талап кылып жатышканын белгиледи.

- Арызда он чакты кишинин колу бар. Арызда бардыгы көрсөтүлгөн, ошонун баары чындык. Биз тарапка жооп болуп атат, бирок тиешелүү органдар аракет кылбай жатат. Биз Сааданбековдун жумуштан кетишин талап кылуудабыз.

Тирештин аягы көрүнбөйт

Дипакадемиянын ректору Жумагул Сааданбеков мындай дооматтарды төгүндөп, алар аттестациядан өтпөй калганын жана Эсеп палатасы тарабынан каражатты максатсыз пайдаланганы ашкереленип калгандан кийин кызматтан кетирилгенин билдирүүдө.

- Мен кызматка келгенде эле Эсеп палатасын чакыргам. Текшерип, бир топ мыйзам бузууларды тапты. Сааттарды, сабактарды өтпөй акча ала беришкен, кызматынан ашыкча пайдаланышкан. Ушундай фактылар менен Чотонов, Атабеков, Ибрагимов дегендер кызматтан бошошту. Короткон акчаларын төлөп беришти. Төлөп бергенден кийин мойнуна алганы да.

Экинчи арызды дипакадемиянын айрым айымдары жазышкан. Анда Сааданбеков ректор болуп дайындалгандан бери жамаатты куугунтуктап, өзүнө жакпаган кызматкерлерди кызматтан айдап, жумуш менен бөлмөсүнө кирип калган кыз-келиндерге асылып, өзүнүн “куурчагы” болууга чакырган деп жазылган.

Арыздын ээлери бул маселердин бардыгын сотто да далилдеп бере алышарын белгилешкен. Бул арызга А.Токтосунова, Г.Сооронбаева, Э.Майлиева кол коюшкан.

Академиянын Окуу башкармалыгынын мурдагы инспектору Элмира Майлиева арызда көрсөтүлгөн бардык жагдайлар туура экенин “Азаттыкка” билдирди.

- Ректорго көп киши нааразы болгон. Бул киши келээри менен бир топ адамды көз жашын көлдөтүп туруп, эч себепсиз жумуштан айдаган. Азыр эми жумуш кыйын болуп жатат. Биз да ошол жерде өз жумушубузду так аткарган адамдардан болчубуз. Жалаң эле кол койгон үч киши эмес, башка да көп адамдар бар. Негизи арызда жазылган фактылардын бардыгы чындык. Ар бир эле кыз-келин "тийишип, иш бөлмөсүнө киргизип алып мазактаган" деп айтып жүрүшкөн. Мен болсо "негизсиз кызматтан алды" деп кол койгом.

Академия ректору болсо маалыматты бир жактуу тараткан айрым агенттиктерди сотко берүүгө ниеттенип жатканын кошумчалады.

- Арыздангандардын дагы бир бөлүгү Г.Сооронбаева, Э.Майлиева дегендер аттестациялык комиссиядан өтпөй калышкан. Исаков деген жалган келишим менен иштеп жүрүптүр. Менин беш балам, 15 неберем, жакшынакай аялым бар, анан жинди эмесмин да. Далилдеп беришсин, мен сотко берсем булар өздөрү кесилет. Анан алар Софи Лорен болуп кеткен жок да.

Маалымат текшерилет

Арыз ээлеринин бири тышкы иштер министри Руслан Казакбаевге жана анын орун басарына академиядагы кырдаал тууралуу маалымат берип, бирок колдоо тапкан эмес экен. Анткен менен Казакбаев Сааданбеков кызматка келген бир жыл ичинде академиянын ишинде жылыш болгонун айтып, бирок жогоруда айтылган маалыматтар туурасында кабары жок экенин кошумчалады.

- Кыз-келиндерге байланыштуу арызды көрө элекмин. Адамдардын ошол ишке барып, ыймандын качып баратканына мен таң калып атам. 70тен ашкан атасы, чоң атасындай аксакалга ошентип жазып атса... Атуулдук позициясы менен, аты-жөнүн көрсөтүп, ачык жазып сотко берсе, же ошол кыз-келиндер, эркектер мага келсе ачык сүйлөшөлү. Сааданбеков келип реформаларды баштады. Бир топ текшерүүлөр болуп, мыйзам бузууларды тапты. Көп киши нааразы боло баштады. Эгер сотто утуп чыгышса Сааданбековго чара колдонсо болот.

Сааданбеков 70 жашта. Ал дипломаттык академияга 2010-жылы 7-апрелден кийин ректор болуп дайындалган.

Кыргызстанда ушул сыяктуу ар кандай айың кептер көп эле болуп жүрөт. Бирок бул арыз менен ачыкка чыккан биринчи окуя болууда.

XS
SM
MD
LG