Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:18

Х. Клинтон Каддафини зордуктоолор үчүн айыптады


АКШ мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон Ливия башчысы Муаммар Каддафини "аялдарды зордуктоону согуштун бир ыкмасы катары пайдаланып жатат" деп сындады. Клинтон Ливиядагы, Жакынкы Чыгыштагы башка өлкөлөрдө, Түндүк Африкада бийлик башындагылар зомбулукту демократиялык каршылыктарды басуу үчүн пайдаланып жатат деп тынчсызданды. Мамлекеттик катчы ошондой эле Муаммар Каддафиге жан тарткан аскер кызматчыларынын зомбулугун тартынбай айтып чыккан Ливия аялдарын кубаттады.

Ливиядагы аялдарга көрсөтүлүп жактан зомбулук боюнча Эл аралык кылмыш соту иликтөө баштаганы кабарланды.

XS
SM
MD
LG