Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:34

Отунбаева: Ассамблеянын макамын өзгөртүү керек


Кыргызстан элдери Ассамблеясынын 7-курултайында сөз сүйлөгөн президент Роза Отунбаева ассамблеянын макамын толугу менен өзгөртүү керектигин билдирди. Анын айтымында, бул тармак былтыркы июнь окуялары учурунда тиешелүү аракеттерди жасап, улуттар ортосунда ынтымакты бекемдөөдө күтүлгөн жыйынтыктарды бере алган жок. Мындан улам Кыргызстан элдери Ассамблеясынын макамын тактап, бул тармакты улут аралык ынтымакты сактоодо жана өлкөдө бирдиктүү маданий мейкиндикти түзүүдө негизги булакка айландыруу керектигин кошумчалады.

Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда өтүп жаткан Кыргызстан элдери ассамблеясына өлкө аймагынан келген 800гө жакын делегат катышууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG