Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:19

Шайлоо мыйзамына коюлган ветого түшүндүрмө берилди


Президент Роза Отунбаева мамлекет башчыны жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо тууралуу мыйзам долбоорду андагы карама-каршы жоболордон улам, анын ичинде Баш мыйзамга каршы келген жагдайлардан улам вето коюп кайра кайтарган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. Билдирүүдө андан сырткары мыйзамды талкулоо учурда макулдашуу тартиби бузулган, Баш мыйзамга ылайык, ашыкча чыгым жараткан мыйзам долбоорду өкмөт аны каржылоого акча тапкандан кийин гана кабыл алуу керек болчу, деп айтылат.

Президенттин маалымат кызматы Отунбаева мөөнөтүн узартпай турганын, бийликти мыйзамдуу жол менен өткөрүп берүүнү салтка айлантарын бир нече жолу билдиргенин белгиледи.

Бүгүн Жогорку Кеңештеги “Ата-Журт” фракциясы жыйын куруп, анда фракциянын мүчөсү, парламенттин спикери Акматбек Келдибеков президенттин шайлоо тууралуу мыйзамды кайра кайтарган себебин түшүнүксүз деп айткан. Фракция лидери Камчыбек Ташиев бул мыйзам долбоор кабыл алынбай жаткандыктан президенттин мөөнөтүн бир жылга узартып, президенттик шайлоону кийинки жылга калтырууну сунуштаган. (EBM)

XS
SM
MD
LG