Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Шийи лидери АКШ атайын кызматын айыптады


Америкалык атайын кызматтар шийилердин "Хезболла" радикалдык тобунун мүчөлөрүн кызматташууга азгырып жатат деп билдирди Шийилердин "Хезболла" радикалдык тобунун лидери Шейх Хасан Насралла. Анын айтымында, "Хезболланын" эки мүчөсү АКШнын Борбордук чалгындоо башкармалыгынын Бейрутта жайгашкан кызматына маалымат берүүгө макул болгонун мойнуна алган. Шейх Насралла ошондой эле АКШ чалгын иштерин өзүнүн өнөктөшү Израилдин тапшырмасы боюнча жасап жатат деп айткан. АКШ дипломаттары мындай дооматты төгүндөп, "Хезболла" топторунда өздөрүнүн ички проблемалары болуп атышы мүмкүн деп билдирди.

XS
SM
MD
LG