Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:28

Пакистан Ооганстанды ракета менен аткылаганын танган жок


Пакистан армиясы акыркы үч жумада Ооганстандын чыгышындагы эки провинциясына жүздөгөн ракеталарды атты деген кабарды ырасмий Исламабад калпка чыгарды. Ооган президенти Хаммид Карзай соңку үч аптада Пакистан армиясы Ооганстанга 470 жолу ракетадан аткылаганын билдирип, Исламабадды аткылоону тез токтотууга чакырган эле.
27-июнда Пакистан армиясынын өкүлү генерал-майор Атар Аббастын билдиришинче, коопсуздук күчтөрү чек арадан ары-бери өтүп жүргөн согушчандарга каршы аткан айрым ракеталар Ооганстандын территориясына түшүш ыктымал.

XS
SM
MD
LG