Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

Жаштардын укук коргоо тобу президентке жана ЖКга кайрылуу жолдоду


Жаштардын укук коргоо тобу БШК курамын бекитүү жана сотторду тандоо боюнча нааразычылык билдирип, президент жана Жогорку Кеңеш депутаттарына кайрылуу жолдоду. Анда президенттик шайлоо күнүн белгилөө жана БШК мүчөлөрүн бекитүүдө саясий оюндар кызып, өлкө кайрадан укуктук да, саясий да кризиске батып атканы айтылат.

Жаштар Жогорку Кеңеш Баш мыйзамда көрсөтүлгөн өз ыйгарым укуктар чегинен чыгып жатат деп сынга алууда. "Конституцияда БШК төрагасы жана 12 мүчөсү менен шайланаары тууралуу жазылган. Демек анын жалпы курамы 13 адамдан турушу керек эле. Бирок Жогорку Кеңеш жалпы эсеп менен БШК мүчөсү 12 адам болуш керек деп, анын сегизине өз адамдарын бекитип койду, эми президентти да мыйзамсыз иш аракеттерге түртүп, төрт адамдын талапкерлигин көрсөтүүсүн күтүп атат”, – деп жазылат кайрылууда. ЖК “БШК тууралуу” мыйзамга негиздеп чечим кабыл алып жаткандыгы мүмкүн деген жаш укук коргоочулар, мында дагы мыйзамдык жактан калпыстыктарга орун берилип жаткандыгын айтышууда. "Бул мыйзамга президент да, ЖК төрагасы да кол коё элек, демек мыйзам күчүнө кире элек".

Шайлоо күнүн белгилөө маселесинде саясий оюндар жүрүп жатат деген жаш укук коргоочулар мунун менен шайлоо мыйзам чегинде өтпөй калуусун эскертүүдө.

Жаштардын укук коргоо тобу Сотторду тандоо кеңешинин курамы да өтө тездик менен бекитилет деп чочулоодо. “Сот бийликтерине ишеним артпоо 2005-жана 2010-жылкы революцияларга алып келди, андыктан бул институт өтө адилет жана ачык түптөлүшү зарыл”, – дешет жаштар. (EK)

XS
SM
MD
LG