Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Австрия-Венгрия императорунун улуу уулу о дүйнө кетти


Германияда Австрия-Венгрия империясынын акыркы императорунун тун уулу Отто фон Габсбург 98 жашында о дүйнө салды. Австрия-Венгрия империясы 1-дүйнөлүк согуштун натыйжасында кыйрап, фон Габсбург императордун тактына отурбай калган. Ал 2-дүйнөлүк согуштан кийин Европа Биримдигин түзүүнүн мыяткерине айланат жана 20 жылдан ашуун Европарламенттин мүчөсү болот.

Отто фон Габсбург 1961-жылы империянын мураскерлигинен ырасмий түрдө баш тартат жана беш жылдан кийин 1919-жылдан бери биринчи жолу Австрияга кирүүгө уруксат алат. Маркумдун сөөгү Вена шаарында жерге берилет.

XS
SM
MD
LG