Бүгүн “Мекен шейиттери” коомдук бирикмеси маалымат жыйын өткөрүп, бир катар нааразычылыктарын билдирди. Аталган уюмдун жетекчиси Осунбек Жамансариев апрель окуясы боюнча соттук териштирүүнү "мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын жакындарынын адвокаттары атайлап кечеңдетип жатат" деп айтты. "Мекен шейиттери" бирикмесинин мүчөлөрү Кыргызстанда издөөдө жүрүп, Орусияда кармалган 8 адамды алып келүү кечеңдеп жатканына камтамачылыгын билдиришти.
"Мекен шейиттери" улутташтырылган объекттердин айрымдарынын тагдырын сот чечкени жатканын белгилеп, Бакиевдин тушундагы ээлери бул объекттерди кайтарып алууга аракет жасашат деп тынчсызданууда.
Апрель окуяларынан кийин мурдагы президенттин жакындарына таандык делген 47 объект мамлекеттин карамагына алынган.
Жогорку Кеңеш 30-июндагы отурумунда алардын онун мамлекеттин карамагында калтыруу, 22син аукцион аркылуу сатуу, ал эми 15инин тагдырын сот аркылуу чечүү тууралуу токтом кабыл алган болчу. (EBM)