Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:33

Жогорку Сот Бакиевдердин жактоочусунун арызын карайт


Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, бүгүн Жогорку Сот Бакиевдердин кызыкчылыгын коргогон жактоочу Ирина Камарданын Бишкек гарнизондук аскер сотунун 20-июндагы аныктмасын жокко чыгарып берүү боюнча көзөмөл арызын карайт.

Буга чейин апрель сотун карап жаткан судья Дамир Оңолбеков сот процессинде мамлекеттик айыптоочулардын курамын толугу менен өзгөртүү боюнча Камарданын өтүнүчүн жарым-жартылай канааттандырган. Натыйжада төрт прокурор жараяндан четтетилген. Бирок жактоочу бул чечимге канааттанбай, Бишкек гарнизондук аскер сотуна кайрылган. Сот бул өтүнүчтү 20-июнда карап, четке каккан болчу. Эми апрель окуясы боюнча сот иши качан болору Жогорку Соттун чечиминенен соң белгилүү болот.

Былтыр ноябрда башталып, кайра токтоп калган апрель окуялары боюнча сот 18-мартта жанданган. Анда мурунку президент Курманбек Бакиев жана анын жакындары баш болгон 28 мурунку аткаминерге айып тагылууда. (КЕ)

XS
SM
MD
LG