Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

Абадандагы жарылуунун "сыры" менен чыны


Түркмөнстан: Абадан шаарындагы жарылуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:03 0:00
Түз линк

Түркмөнстандын Абадан шаарынын аскер кампасындагы жарылуу, 7-июл, 2011-жыл

Түркмөн бийлиги Абадандагы жарылууда 15 киши мерт болгонун билдирди. Башка булактарда ондогон киши көз жумганы айтылууда.

Көз карандысыз булактар советтик замандан калган курал-жарак кампадагы жарылуудан ондогон киши көз жумганын, алардын көбү аскердик милдетин өтөп жаткан түркмөн уландар экенин жазып чыкты.

Ашгабаттан 20 чакырым алыста жайгашкан Абадан, эски аталышы Бүзмейин шаарындагы жарылуудан бери Түркмөнстандан түрдүү кабар келүүдө.

Расмий маалыматтарда кырсыктын кесепети так айтылбай, түркмөн бийлиги кыйраган имараттарды калыбына келтирүү иштерин колго алып, жабыр тарткандарга социалдык жардам көрсөтүүнү баштаганы кабарланат.

Көз карандысыз булактар жарылуунун чоо-жайы, анын залакасы тууралуу бийликтикинен айырмаланган кабар таратууда.

Ашгабаттын тургуну Нурберди Нурмамедов Бүзмейинге туугандарынын ал-ахвалын билүүгө барган жеринен “Азаттыктын” түркмөн кызматына буларды айтты:

- Бүзмейинге бараткан жолдун баары тосулуп, полиция турат. Көчөдө кетип баратып, бир үйдө адамдардын чогулуп турганын көрдүм. Үйдүн ээси баласын ичкериден алып чыгып келатып, экөө тең жарылып кетиптир. Айыл жымжырт, үй-жайын таштап кеткендер алигиче келе элек. Айылдын көчөлөрүн араласаң, эшик-терезеси жок үйлөрдү көрөсүң. Мына бир үйгө ракета тийиптир. Андан ары айдалган талаага бир нече ракета түшүптүр. Ал тургай узундугу 2-3 метр болгон ракета 2 бетон дубалды тешип өтүп, жарылбай калыптыр. Аны кийинчерээк аскерлер келип алып кетти.

Өткөн бейшембидеги жарылууну алгач түркмөн бийлиги күндүн аптабынан пиротехника сакталган кампа жарылды, эч ким жабыр тарткан жок деп билдирген болчу.

Бирок андан үч күндөн кийин расмий Ашгабат экинчи билдирүү таратып, анда жарылууда эки аскер, он үч киши мерт болгону айтылат. Президент Гурбангулы Бердымухамедов коргоо министри Бегенч Гүндөгдиевдин жогорку аскерий чинин полковник даражасына түшүргөнү кабарланат.

Түркмөн мамлекеттик маалымат каражаттары жарылууга күнөөлүү аскер кызматкерлери кылмышка тартылаарын дагы билдирди. Президент Бердымухамедов болсо Абадан заманбап шаар болуп кайра курулаарын, өкмөт курулуш долбоорун даярдап жатканын айтты.

Ошол эле учурда көз каранадысыз “Түркмөнстан хроникасы” интернет сайты жарылууну жана андан кийинкы кырдаалды мындайча сүрөттөйт:

“Бүзмейинде жарылуу болгондо телефон байланышы дароо жоголду. Андан жарым сааттан кийин өлкө боюнча интернет үзүлдү. Суу, газ менен электр жарыгы дагы өчкөн. Ал тургай Ашгабат электр кубаты жок калды, анткени баш калаа жарыкты Бүзмейин гидро-электр станциясынан алат.”

"Энем “Карачы, карачы - өрт!”, - деди. Биз өрттү тез эле басып койот деп ойлогонбуз. Жарылуу болгон сайын жер титиреп жаткандай сезилди. Дубалдардан жараңка кетип, эшиктер ыргыды. Терезенин сынган айнеги 5 жашар кызымдын колун тилип, эшик эжемдин үстүнө кулап, анын колу сынды. Азыр ал Көк-Тепеде ооруканада жатат. Таптакыр кыйрап калган үй жок, бирок көптөрү өрттөнүп кетти. Үйлөрдүн көбүнө граната тийип өрттөндү”, -дейт ысымын жашырган Абадан шаарынын аял тургуну.

Жарылууга улай жергиликтүү тургундар дүрбөлөңгө түшүп, талап-тоноочулук башталган. Абадандын шаардык стадионунда эвакуация бекети ачылып, жабыр тарткандарга алгачкы жардам берилген. Ашгабаттан келген тез жардам унаалары жарадарларды борбордук ооруканаларга бир топко чейин тынымсыз ташыганын күбөлөр билдирет.

Ал эми интернеттеги YouTube видео сайтындагы тасмаларда жарылуу башталганда алгач асманда чагылган чартылдап жаткандай, жарк-журк болуп, анан кара булут куюндай көтөрүлүп, калдайып тарап жатканын көрүүгө болот.



(видео интернеттен алынды, ким тартканы белгисиз)

Түркмөн бийлиги Бүзмейиндеги жарылуу тууралуу маалыматты сыртка чыгарбай калууга канчалык аракеттенгени менен кырсыктын очогунда эмне болуп жатканы интернет желесине тарап, эмдигиче кызуу талкууланууда.

7-июлдун кечинде Ашгабатта министрлер кабинети менен Коопсуздук кеңешинин жыйыны өткөндөн кийин гана жарылуу тууралуу учкай маалымат өкмөттүн интернет сайтына чыккан. Кырсык болгон күнү өкмөттүк маалымат каражаттары эч сөз кылган эмес.

1963-жылы түптөлгөн борбор калаадан 20 чакырым алыс турган Бүзмейенде 50 миң тургун жашайт. 2000-жылдары Түркмөнбашы Ниязовдун каалоосу менен Бүзмейин шаары Абадан болуп өзгөргөн.
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG