Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:38

Кароосуз калган балдар үчүн борбордун иши жанданды


Сентябрь айынан тарта Ош шаарында кароосуз калган балдарга жардам берүү максатын көздөгөн атайын борбор кайрадан иштей баштайт. Долбоордун жетекчиси Жанна Салиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, бул борбор бир эле маалда 16 баланы кабыл алып, аларга кам көрүүгө ылайыкташкан.

Сентябрдан баштап кароосуз калган өспүрүмдөр, көчө балдары, базарда иштеген балдар борборго алынып, эки апталык мөөнөт ичинде аларга медициналык жана психологиялык жардам көрсөтүлүп турат.

Ош шаарында алгач мындай борбор 2007-жылы иштей баштаган. Былтыркы июнь коогалаңы учурунда борбордун имараты толук күйүп кеткен. Бул жолу борбордун иши Миграция боюнча эл аралык уюмдун колдоосу менен кайра жанданууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG