Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Демократия лагери 20-июлдан 29-июлга чейин Бишкекке жакын жайгашкан Таш-Мойнок айылынын эс алуу аймагында өткөрүлүп, ага Кыргызстандын бир катар мектептеринен тандалып алынган 9-10-класстын окуучулары катышат.
Бул окуучулар Бишкектин, Талас жана Чүй облустарынын мектептеринен Шайлоо системалары боюнча эл аралык фонд (IFES) уюштурган лотереянын негизинде тандалды. Демократиянын жайкы лагерине катышуу үчүн шаарлардан жана айылдардан 2200дөн ашуун окуучу сынакка катышкан.
Он күндүк лагердин максаты – окуучулардын лидердик, жоопкерчилик жана жарандык дилгирлик сыяктуу жөндөмдөрүн жана баалуулуктарын калыптандыруу болуп саналат. Спорт жана көркөм өнөр аркылуу өспүрүмдөрдүн шык-жөндөмүн ачууга мүмкүнчүлүк берилет. Ошондой эле Демократиянын лагерин кесипкөй окутуучулардан, театр жана кино актерлорунан, сүрөтчүлөрдөн турган командалар арасында сынак да өткөрөт.
Бул долбоор Американын Эл аралык Өнүктүрүү агенттигинин (USAID) колдоосу менен ишке ашууда. (KKs)