Бул тууралуу бүгүн президенттин кеңешчиси Султан Раев Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, бөлүнгөн каражат мааракелерди белгилөө үчүн аздык кылат. Буга карабастан каражат менен пландалган бардык иш-чараларды аткарууга аракеттер кылынат.
2011-жылдын 31-августунда Кыргызстан эгемендүүлүгүнүн 20 жылдыгын белгилейт. Мындан тышкары бул жыл “Алай ханышасы” атыккан Курманжан Датканын жылы деп жарыяланып, анын 200 жылдыгы да белгиленмекчи. (KKs)