Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:08

АКШ: "Атлантис" жерге конду


Космос чөлмөгүнүн сапары карыды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:18 0:00
Түз линк

АКШнын "Atlantis" космос чөлмөгү 21-июлда жерге аман-эсен кайтып, Флоридадагы Кеннеди космос борборуна келип конду. Ошентип, НАСАнын 30 жылдан ашуун өмүр сүргөн космостук чөлмөк программасы соңуна чыкты. Reuters. 21.7.11.

АКШнын "Атлантис" космостук чөлмөк кемеси төрт астронавт менен чогуу жерге конду. Муну менен ал "космостук чөлмөк" (Space Shuttle) программасынын 30 жылдан ашык тарыхына чекит койду.

Флорида штатындагы Кеннеди атындагы космостук борборго жүздөгөн кишилер чогулушту. Космос чөлмөгү келип конгондон кийин анын командачысы Крис Фиргузон Хьюстондогу НАСА диспетчерлерине: "Хьюстон, миссия толук аткарылды! Шаттл дүйнөгө 30 жылдан ашык кызмат кылып, тарыхта ордун тапты жана акыркы аялдамасына келди", - деп маалымат берди.

XS
SM
MD
LG