Сомалиде исламчыл согушкерлер Батыштан келген гуманитардык жардамга тыюу алынып салынганын четке кагып, ачарчылык жөнүндөгү маалыматтарды пропаганда деп атады. “Ал-Кайида” менен байланышы бар “Шебаб” тобу 2009-жылы алардын көзөмөлүндөгү аймактарга чет өлкөдөн гуманитардык жардам алып келүүгө тыюу салып, жакында аны жарым жартылай алып таштаган.
Үстүбүздөгү аптада БУУ Сомалинин түштүгүндө козголоңчулардын карамагындагы 2 чөлкөмдө кургакчылыктын айынан ачарчылык өкүм сүрүп жатканы жөнүндө билдирген. Бирок Шебабдын өкулү Шейх Мохамед Раге мурда тыюу салынган гуманитардык топторду киргизбейбиз, ал эми ачарчылык тууралуу маалымат артында башка бир максат турган жалган сөздөр - деп билдирди.