Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:14

Тапанча алып качып кеткен аскерди издеп жатышат


Кыргызстанда мөөнөттүү аскер кызматынын катардагы жоокери Бек Жолдошев 27-июлда Кой-Таш айылындагы №73809 аскер бөлүгүн өз эрки менен таштап качып кеткен. Коргоо министрлигинин маалымат борборунун адиси Гүлнара Берманованын “Азаттыкка” айтымында, Жолдошевде тапанча болгон, бирок анда колдонулчу ок-дарылар жок. Качып кеткен жоокер 1992-жылы туулган, Талас облусунун Бакай-Ата районунун тургуну. Ал кызматка Биринчи май райондук аскер комиссариаты тарабынан 2011-жылдын жазында чакырылган. Учурда Коргоо министрлигинин жана укук коргоо органдарынын турган атайын топ качып кеткен жоокерди издешүүдө. Ал эми жоокердин качып кетүү себеби азырынча белгисиз. (КЕ)

XS
SM
MD
LG