Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:19

Аба ырайы: 30-июлда жаан-чачын болбойт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиргени боюнча, 30-июлда Кыргызстандын аймагында жаан-чачын болбойт. Айрым тоолуу аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн 17…22, күндүз 33…38, Талас облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35, Баткен облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 32…37, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14…19, күндүз 33…38, Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 13…18, күндүз 24…29 градус, Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 28…33 градус жылуу. Тоолордо түнкүсүн -2…+3 градус, күндүз 13…18 градус жылуу болору күтүлүүдө.

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 20…22, күндүз 36…38 градус жылуу болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG