Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Молдо кыйган никени мыйзам тааныбайт


Президент Роза Отунбаева бүгүн “Үй-бүлө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирет.

Мыйзамда молдолордун жардамы менен нике кыйып, баш кошуу укуктук мааниге ээ болбой турганы белгиленип, бул үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында каттоодон өтүү шарт экендиги айтылат.

Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, олуттуу себептери болсо үй-бүлө кура тура турган кыздын жаш курагы 17ден кем эмес деп таанылды. Мыйзам долбоорунунун демилгечиси депутат Айнура Алтыбаеванын айтымында, эгер турмушка чыга турган кыз кош бойлуу болсо, же баш кошо тургандардын бири алыска кетип, же ооруп калса, мыйзам алар үчүн 17 жаштан тарта эле үй-бүлө курууга уруксат берет.

Үй-бүлө кодексине ылайык, Кыргызстанда кыздар 18 жашынан тарта турмушка чыга алат. (EK)

XS
SM
MD
LG