Ар кыл мыйзам бузуулар менен Казакстан түрмөлөрүндө 28 кыргыз жараны кармалууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” акыйкатчы Турсунбек Акун билдирип, кыргызстандыктарды поезде бараткан жеринен кармап кеткен учурлар бар экенин ачыктады.
Маалыматка ылайык, ушул тапта Орусиянын абактарында 400дөй, Кытайда 10 жаран камакта отурат. Чет өлкөлөрдө кыргыз жарандарынын көпчүлүгү паспорт, виза маселелерине байланыштуу камакка түшүп калууда.
Кытай, Иран, Индонезия өңдүү өлкөлөр менен экстрадиция тууралуу келишим жок болгондуктан бул мамлекеттерде мыйзам бузган жарандарды Кыргызстанга алып келүү мүмкүн болбой жатат. (KKs)