Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

Сирияда танктар дагы бир шаарга кирди


Сириялык активисттердин айтымында, армия бүгүн Түркия менен чек арадагы Саракеб шаарына чабуул жасады. Лондондо жайгашкан сириялык "Адам укуктарын көзөмөлдөө" уюмуна ылайык, шаардын ондогон тургундары камакка алынды.

Аскерлер басып киргенден кийин шаарда жарылуунун жана ок атуунун добушу угулуп турду. Бул шаар жайгашкан Идлиб дубанында президент Башар Ассаддын режимине каршы ири демонстрациялар өтүп келген. Сирия боюнча толкундоолордо бүгүнкү күнгө чейин 2 миң чакты кишинин өмүрү кыйылганы болжолдонууда. Бириккен Улуттар уюму өткөн аптада зордукчулукту "дароо токтотууну" талап кылган.

XS
SM
MD
LG