Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:21

Бразилияда сотту атып кетишти


Бразилиянын Нитерой шаарында куралчан адамдар судья Патрисия Акиолини атып кетишти. Маркум уюшкан кылмыштуу топтор менен полиция арасындагы паракорлукка каршы туруму менен белгилүү болчу.

Кол салгандар судьяны үйүнүн жанынан атып, мотоцикл менен качып кетишкен. Акиолинин жакындары буга чейин анын дарегине коркутуп-үркүтүүлөр болгону менен, аны коргоо үчүн чаралар көрүлбөгөнүн айтышууда. Жогорку Соттун башчысы судьянын өлтүрүлүшүн айыптады.

Бразилиянын ири шаарларынын бири Рио-де-Жанейро көчө кылмыштары боюнча дүйнөдөгү эң кооптуу шарлардын тизмесине кирет. 2014-жылы Риодо футбол боюнча дүйнө чемпионаты, андан кийин жайкы Олимпиада өтмөкчү.

XS
SM
MD
LG