Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Британия: чукул кырдаалдар абалы алынбайт


Тополоңдор токтогону менен, Британ полициясы дем алыш күндөрү күчөтүлгөн режимде иштей берет. Лондондун көчөлөрүн 2 жарым миң полициячынын ордуна 16 миң киши кайтарып турмакчы.

Финансы министри Жорж Осборн Би-Би-Си радиосуна билдиргендей, соңку окуяларга карабай өкмөт полиция кызматкерлерин кыскартуу планынан баш тарптайт. Бюджетти үнөмдөө максатында 30 миңдей орунду кыскартуу каралууда.

Британ премьер-министри Дэвид Кэмерон Лос-Анжелес жана Нью-Йорк шаарларынын мурдагы полиция башчысы Билл Браттон менен жолугушуп, Британиядагы бейбаш топторго каршы күрөшүү чараларын талкууламакчы.

Полициянын маалыматына караганда, 1 миң 900 киши кармалып, 700дөйүнө зордук-зомбулук, тартипти бузуу, талап-тоноочулук боюнча айып тагылды.

Тополоңдор өткөн ишембиде Лондондо башталып, башка шаарларга жайылган. Натыйжада 5 киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG