Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:51

УКМК кызматкери “адам өлтүрдү” деп айыпталууда


УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери Б.Эргешов “адам өлтүрдү” деп айыпталууда.

Баш прокуратуранын басма сөз кызматы тараткан маалыматка ылайык, 1-июлда Кара-Суу районуна караштуу Отуз-Адыр айылында УКМК кызматкери Б.Эргешов жана Ж.Турдуматов аттуу жарандын ортосунда уруш чыккан. Уруш мушташка жетип, жыйынтыгында Турдуматов оор жарааттар менен бейтапканага түшкөн. 10-июлда алган жарааттарынан жакшы боло албай Турдумаматов бейтапканада жан берген.

УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын кызматкери Б.Эргешовго 11-августта УКМК кызматкерине “адам өлтүрүү” беренеси боюнча айып тагылып, учурда окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады. (EK)

XS
SM
MD
LG