Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:23

Соттор кеңеши Базарбековго чара көрүүдөн баш тартты


Соттор кеңешинин бүгүнкү жыйынында Сотторду тандоо кеңешинин мурдагы төрагасы Замирбек Базарбековго чара көрүү маселеси каралды. Анын жыйынтыгында Базарбеков кызматтык милдеттерди бузбаганы аныкталды. Натыйжада Соттор кеңеши өз токтому менен Замирбек Базарбековго карата чара көрүүдөн баш тартты.

Жогорку Соттун басма сөз катчысы Бактыбек Рысалиевдин “Азаттыкка” билдиришинче, буга чейин Жогорку Кеңештин “Ата Мекен”, КСДП жаан “Республика” фракциялары Сотторду тандоо кеңешинин мурдагы төрагасы Замирбек Базарбековго карата чара көрүү өтүнүчүн билдиришкен.

Замирбек Базарбеков июль айында Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы болуп шайланып, судьялардын тандалышы боюнча өз дарегине айтылган сындардан улам апта башында төрагалыкты өткөрүп берген. Ал Жогорку Сот менен Конституциялык палата үчүн судьяларды тандоодогу алешемдиктер үчүн эч күнөөсү жоктугун белгилеген. (KKs)

XS
SM
MD
LG