19-августта Кабулдагы Британ кеңешинин имаратына талибдердин кол салуусу учурунда 8 киши мерт болуп, анын ичинен бирөө чет өлкө жараны. Ооган өкмөтүнүн өкүлдөрү азырынча кайсы өлкө жараны набыт болгонун ачыктай элек.
Таңкы саат алты жарымда куралдуу согушкерлер Британ кеңешинин имаратынын кире беришинде жардыргыч жүктөлгөн автоунааны жардырып, ок аткылашкан. 5 саатка созулган аткылашууга НАТОнун аскерлери да тартылган.
Бул кол салууну талибдер өз жоопкерилигине алып, анын өкүлү “ушул күнү белгиленчү Ооганстандын Британиядан эгемендик алганынын 92 жылдыгына карата иш-чара” деп билдирген.