Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:38

Пан Ги Мун Ливияда тынчтыкты орнотууга чакырды


БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун Ливияда тезинен тартипти орнотууга чакырды. Ал өлкө ок атуучу куралдарга толуп кеткенин, Муаммар Каддафи иш жүзүндө бийликтен четтетилсе дагы көпчүлүк аймактарда уруш жүрүп жатканын белгиледи:

- Алдыда эбегейсиз кыйынчылыктар бар экени айкын. Уруш өлкөнүн көпчүлүк бөлүктөрүндө уланууда. Азыр чатакты токтотуу, тартипти жана стабилдүүлүктү калыбына келтирүү аябай зарыл. Мени менен кырдаалды талкуулаган эл аралык коомчулуктун өкүлдөрү макул болушту: эгер Ливиянын утурумдук өкмөтү жардам сурап кайрылса, өлкөнү майда-барат ок атуучу куралдар чайып кеткендиктен, биз полицияны бекемдөөгө жардам берүүгө даяр турушубуз абзел.

Пан Ги Мун Африка Союзу, Арап Өлкөлөр Лигасы жана Ислам конференциясы уюмунун өкүлдөрү менен кездешкенден кийин, Ливияга эл аралык полиция күчтөрүн киргизүүнү сунуш кылды. Башкатчы өлкөдө күйүүчү май, азык түлүк, дары-дармектен жана Триполинин суу менен камсыздоодо коркунуч бар экенине да токтолду.

Маалыматтарга караганда, Триполинин көчөлөрүндө жана ооруканаларында адамдардын өлүктөрү додолоп кеткен.

Козголоңчу күчтөр Каддафинин туулган шаары Сиртеде катуу каршылыкка кабылганы кабарланууда. НАТОнун учактары Триполиден 450 чакырым чыгыштагы Сиртени тынбай бомбалоодо.

XS
SM
MD
LG